Маанилүү жаңылык

Баткенде 5000 гектардан ашык жерге күздүк дан эгиндери себилди

2019-жылдын түшүмү үчүн 5009 гектарга күздүк дан эгиндери эгилди. Анын  4773 га буудай, 236 га арпа.

Район шаарлар боюнча айтсак;

-Баткен району 305га пландаштырып, 360га себилди, 118%га,

-Кадамжай району 1500 га пландаштырып, 1500га себилди, 100%га,

-Лейлек району 3000 га пландашытырып, 3039га себилди, 101,3%га,

-Баткен шаары 50 га пландаштырып, 50га себилди 100%га,

-Кызыл-Кыя шаары 58 га пландаштырып, 58га себилип,100%га аткарылды.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы жерди айдатпай туруп эгүү же “Түз себүү” ыкмасы пайдаланылып, Баткен районунда 30 га жер түз себүү ыкмасы менен эгилди.  Бул багытта  “Мол түшүм” айыл чарба кооперативи GIZ өкмөттүк эмес уюму  менен иш  алып  барууда. Анын натыйжасында  Баткен районунун Кара-Булак, Самаркандек айыл  аймактарынын кайрак эгин талааларына, жаңы  технология менен “Түз себүү” методу колдонулуп, күздүк Стекловидный жана Наз буудай үрөндөрү себилди. Учурда бул ыкманын  эффектүүлүгүн башка айыл аймактарга да жайылтуу иш аракеттери жүрүүдө.

Показать текст
Close