Маанилүү жаңылык

Ысык-Атада Айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ысык-Ата районунда айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленип, ага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрди Эркинбек Чодуев, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Элкинбек Аширбаев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Байыш Курманов жана айыл чарба кызматкерлери, ардагерлери, дыйкан-фермерлер катышышты.

Министр, облус, район жетекчилери катышуучуларды бул майрамы менен куттуктап, учурда айыл чарбасы респуликанын экономикасынын алга жылуусуна чоъ өбөлгө түзүп жаткандыгын, анын ичинде Ысык-Ата району мыкты көрсөткүчтөрү менен сыймыктана ала турганына токтолушту. 

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү маселесин колго алуу максатында, экспорттук көлөмдү көтөрүү жана санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына  токтолгон айыл чарба министри мындан ары да бул тармакта жигердүү иштер жасала тургандыгын айтты. “Айыл чарбасы биздин локомотив, тамак-аш коопсуздугун түзүп жаткан негизинен Чүй облусунун дыйкан-фермерлери. Өлкөнүн жалпы айыл чарба продукциясынын төрттөн бир бөлүгүн Чүй облусу өндүрүп келет. Демек бул сиздердин жаратып жаткан эмгегиъиздер” деген облус жетекчисинин орун басары иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

Министр, облустук, райондук жетекчилер  жана АӨЖК жана АЧМК КБнин райондук комитети тарабынан айыл чарбасынын алдыъкыларына сыйлыктар  тапшырылды.

Иш-чара Б.Эдигээв атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик ансамблинин концерттик программасы менен коштолду.

Показать текст
Close