Маанилүү жаңылык

Айыл чарба министрлиги Жапон улуттук айыл чарба изилдөөлөр борбору менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти быйыл май айында Жапон мамлекетинин НАРО (Жапон улуттук айыл чарба изилдөөлөр) борбору менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн келишим түзүшкөн.

 Бул келишимдин негизинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында сейрек кездешүүчү жапайы өсүмдүктөрдүн үрөнүн чогултуп, алардын сапатын генетикалык деңгээлге чейин изилдеп, изилдөөнүн жыйынтыгын биргелешип пайдалануу үчүн жапониядан 2 жолу атайын адистерден турган миссия келген.

Изилдөө иштерин биздин департаменттин өсүмдүктөрдүн генетикалык банкынын кызматкерлери менен биргелешип экспедицияга чыгып, керектүү генетиалык материалдарды чогултушту. Алар алгачкы экспедицияда Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областарындагы тоо кыркаларын 10 күн ичинде кыдырып чыгып, изилдөөлөрдү жүргүзүштү.

Ал эми экинчи келген миссия жогорудагы областардан тышкары Баткен, Ош, Жалал-Абад областарында биздин шартта өстүрүлүп жаткан коон менен ашкабактын түрлөрүн изилдеп, алардын үрөндөрү, кандай шартта, кандай технология менен өстүрүлүп жатканы аныкталып, үрөндөрү толук анализ чыгаруу үчүн жыйналды. Ошол эле Кызыл-Кыядагы жашылча-жемиш сорт сыноо тилкесинде жапониядан алып келинген коон менен ашкабактын үрөндөрү да сыноого коюлуп, ал сортторго да салыштырмалуу изилдөө иштери жүргүзүлөөрү аныкталды.

2023-жылга чейинки жасала турган илимий изилдөөлөрдүн календардык пландары макулдашылып, алгачкы изилдөөлөр жемишин бере баштады.

Показать текст
Close