Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Март, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Үчтүн айынын 28

Балык-чарбасын коргоо жана товадык балык өндүрүү
Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш щнщр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көл-Нарын жана Туштук-Батыш аймактык аралык бөлүмдөрү тарабынан  2018-жылдын жыйынтыгында браконьерликке каршы күрөшүү максатында 88 балык запастарын коргоо рейдтер жүргүзүлгөн. Балык запастарын коргоо жана балык улоодогу мыйзамдардын эрежелерин бузуу фактылары боюнча 29 акты түзүлгөн. Мыйзам бузган жарандардан браконьерлик жол менен балык өндүрүүдөгү 7 балык улоочу кайык, 158 даана мыйзамсыз кармалган балык (сига-лудога), 408 даана балык кармоодогу тыю салынган шаймандар. Балык запастарын корогоодогу мыйзамдарды одоно бузган фактылар боюнча жана балык запастарына зыян келтиргендиги үчүн 9 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген, жыйынтыгында балык улоонун эрежелерин бузган жарандарга доо коюлуп жалпысынан 25000 сом бюджетке которулгаган.
Прогноз тапшырманын божомолуна ылайык, Ысык-Көлдүн балык запастарын жасалма жол менен өндүрүү үчүн Сон-Көл жана Орто-Токой суу сактагычындагы балык өндүрүчүлөрүн кармоо үчүн 2 уруксат берилген, Ысык-Көл,Соң-Көл жана Орто-Токой суу сактагычында форель жана сига-лудога  кармоо үчүн 6 уруксат берилген.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 25

Баткен облусунда Кыргызагробиоборбору “Ачык эшик” күнүн өткөрдү

2019-жылдын 24-январында Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кыргызагробиоборборунун Баткен регионалдык биофабрикасы, “ЖИА” ассоциясынын колдоосу менен жергиликтүү дыйкан-фермерлери үчүн “Ачык эшик” күнүн өткөрүштү. Иш-чарага Министрликтин алдындагы Кыргызагробиоборборунун адистери, Баткен регионалдык биофабрикасынын өкүлдөрү, “ЖИА” ассоциясынын өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты. Семинардын жүрүршүндө адистер органикалык, экологиялык айыл чарба азыктарын өндүрүү технологиялары жөнүндө жана биопрепараттарды колдонуу менен айыл чарба азык-түлүктөрүн зыянкечтерден коргонуу жөнүндө дыйкандарга айтып беришти. Мындан сырткары биожерсемирткичтерди колдонуу боюнча талкуу болду. Иш-чаранын жыйынтыгында жергиликтүү дыйкан-фермерлер тарабынан көп суроолор берилип, адистер жеткиликтүү жооп беришти.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 23

Түркия Республикасынын бизнес-коомчулук өкүлдөрү Айыл чарба министрлиги менен айл чарба багытында мамилелерди жакшыртуу максатында жолугушту

 

Бүгүн 23-январда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Түркия Республикасынын бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев, министрликтин жетекчилери жана  Түркия өкүлчүлүгүнүн төрагасы Мусафа Курт, мындан сырткары “Зират Тарым Маркет - агрардык айыл чарба техникасын өндүрүү” Акционердик Коомунун башчысы Мухаммед Оздемир, мындан тышкары башка компаниялардын жана ишканалардын бир катар өкүлдөрү катышты.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 22

Айыл чарба министрлигинин адистери Ош облусунда  агрозоовет окутууларды өткөрүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Ош облусунун Кара-Суу районунунда  жергиликтүү дыйкандарга өсүмдүктөрдү түрдүү шарттарда кантип өстүрсө болорун үйрөтүп, өсүмдүктөрдү дарылоонун, сууну үнщмдүү колодонуу (тамчылатып суугаруу технологияларын) жолдорун үйрөтүп, агрозоовет окууларды жүргүзүүдө.

Кара-Суу районунда пахта, жүгөрү көп өстүрүлөт. Адистер дыйкандарга өсүмдүктөрдү зыянкечтерден тазалап, пайда көрсө болорун түшүндүрүштү.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 21

Түштүк жергесинде “Экологиялык таза жана органикалык мөмө-жемиштерди өстүрүү технологиялары” жөнүндө дыйкан-фермерлерге  окуу-семинралар өткөрүлдү

 

2019-жылдын 15-17-январь күндөрү  Ош, Жалалабад жана Баткен облустарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кыргызагробиоборборунун адистери “Багбандар биримдиги” менен чогуу мөмө-жемиш өстүрүүчү дыйкан фермелер үчүн “Экологиялык таза жана органикалык мөмө-жемиштерди өстүрүү технологиялары” жөнүндө окуу-семинралар өткөрүлдү.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 18

Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо Департаменти Будапешт шаарында  өтүүчү айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө катышуугачакырат

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо Департаменти 2019-жылдын 23-26 январь айында Будапешт шаарында (Венгрия) AGROmashEXP and Agricultural Machine Show көрмөзмөсү өткөрүлөөрүн маалымдайт.

Венгриялык 100 гө жакын компаниялар өздөрүнүн жер иштетүүчү жана себүүчү, дан тазалоочу  айыл чарба техникаларын айылдык товар өндүрүүчүлөргө сунуштайт.

Кененирээк

[пред]  [1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]  [37-42]  [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу