Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Октябрь, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык тогуздун айынын 1

Кыргызстанда заманбап прогрессивдүү технологияларды жайылтуу боюнча семинар өткөрүлдү

 

2019-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар сектору, Кыргызстан жер пайдалануучулар жана токой пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте “Климаттын өзгөрүү шартында жерди заманбап системалардын жана прогрессивдүү технологиялардын негизинде эффективдүү пайдалануу”  темасында бир күндүк теоретикалык жана практикалык аймактык окуу семинар  өткөрүлдү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев,  Чүй облусунун  бардык райондорунан РАӨБдүн  жетекчилери фермерлер катышты. Ошондой эле анын ишине башка региондордон дагы чакырылган  кызыкдар чарбакер субьектилери, мамлекеттик эмес ишканалардын өкүлдөрү, токойчулар, долбоорлор, Туркия мамлекетинен келген өкүлдөр, ж.б. келишти.

Иш чаранын жүрүшүндө  павловния дарагын өстүрүлүп жаткан плантация боюнча таанышып, аны өстүрүүдөгү, биздин шартка ылайыкташуусу боюнча көптөгөн  суроолор берилип, жооптордуу алышты. Андан кийин “Гидротаран” менен арыктан суу чыгарып, суу сактоочу жерге тарттырып андан ары демучасткадагы өстүрүлүп жаткан дарактардын көчөттөрүн тамчылатып сугаруу системасы менен сугарылып жаткан иштер практикалык жактан көрсөтүлдү. Ошентип демучасткада токой чарбасын өнүктүрүү боюнча заманбап технологияларды колдонулуп  жаткандыгы тууралуу бир топ иштер көрсөтүлүп , семинар жыйынтыкталды.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу