2019-жылдын 21-августунда химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти “Рейнкетчер” ЖЧК менен биргеликте, күнөскана шарттарында бадыраңдын айдоолорунда сыноо-көрсөтүү тажрыйбасын өткөрүштү
“Рейнкетчер” препараты 2,5 баштап 10,0% чейинки органикалык азотту камтыган жана кыртышта өзүнүн оң таасирлерин үч-беш жылга чейин кармаган, нымды сактаган суперабсорбент-гидрогель болуп саналат.
“Рейнкетчер” препаратын колдонуу, сугаттардын санын кыскартууга, өсүмдүктөрдүн өнүгүүсүнүн эрте стадияларында азык элементтер менен камсыз кылууга, эрозиянын кесепетинен кыртыштын түзүмүнүн бузулуусунан сактоого, экинчи ирет туздануу процесстерин жана кыртыштын шордонуусун азайтууга мүмкүндүк берет, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана өнүгүүсүнө жагымдуу таасир берет.