Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Октябрь, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык аяк оона айынын 27
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Ыссык-Көл жана Нарын областарына айыл чарбаны өнүктүрүүгө берилген инвестициялардын натыйжалары

 

2019-жылынын 23-сентябрында Арал айылында “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун аякташы боюнча Координация жана эксперттик колдоо тобунун жыйынтыктоочу отуруму өттү. Долбоор 2013-жылы башталып, 2019-жылдын 30-сентябрында аяктайт.

Долбоордун иш-чаралары Ыссык-Көл, Нарын облустарында (125 айылдык аймак) жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда (5 айылдык аймак) жүргүзүлдү. Өлкөнүн бардык аймагында бруцеллез жана эхинококкозду көзөмөлдөө программалары ишке ашырылды.

Долбоорду ишке ашырууга катышкан негизги аткаруучулар: Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү, АРИС, Жайыт, мал жана балык чарба департаменти, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Ден соолукту чыңдоо борбору, Ветеринардык дары-дармектерди сертификаттоо борбору, Ветеринардык палата, Мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту, Ветеринария илим-изилдөө институту, Кыргыз агрардык университети.

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев: Акыркы алты жыл ичинде долбоордун алкагында жүргүзүлгөн аракеттүү иштер жакшы натыйжаларды алып келди. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн негизги жолдору жана жаралган көйгөйлөрдү чечүүнүн таасирдүү механизмдери аныкталды. Долбоордун кызматкерлери жана өнөктөштөрү үзүрлүү эмгектенди. Тийиштүү мамлекеттик органдар жана бенефициарлар долбоордун жардамы менен түптөлгөн потенциалды мындан ары сактап, көбөйтүп жана туруктуу өнүктүрүүсү зарыл”. 

      2009-жылы кабыл алынган “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдын натыйжасында жайыттарды башкаруунун улуттук жана натыйжасыз модели жаңы туруктуу башкаруу системасына өзгөртүлгөн болсо, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты. Аткарылган иш-аракеттер келечекте укуктук жана жөнгө салуу ченемдеринин иштешине өбөлгө түзүп, ошол эле учурда жайыт пайдалануучулардын кирешелерин көбөйтөт.

      Маанилүү иш-чаралардын катарында Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген гранттык жардамды белгилей кетсек болот. Анын эсебинен бульдозерлер, экскаваторлор, тракторлор, пресс-подборщиктер берилип, мал короолор, көчмө кой кыркуучу пункттар, күпкөлөр, жана башка объектилер курулду.

       Жайыттардын такталбаган жана көптөгөн чыр-чатактарды жараткан тышкы чек аралары аныкталды. Долбоордун иш-аракеттеринин аркасында талаш-тартыш маселелер бир топко азайды.

       Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жайыт пайдалануучулардын жоопкерчилиги жана аң-сезимдүүлүгү бир кыйла жогорулады. Алсак, Ыссык-Көл жана Нарын облустарында 2010-2018-жылдар аралыгында жайыттарды пайдалануудан түшкөн акча каражаттары дээрлик беш эсеге (9 млн сомдон 42 млн сомго) көбөйдү. Былтыркы жылы республика боюнча чогулган каражаттын көлөмү 143 млн сомду түздү.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында бруцеллезго каршы күрөшүү программасы улантылды. Тастыкталган вакциналар жана дары-дармектер сатып алынды. Ветеринардык кызматтын бардык түзүмдөрүнүн жана жеке ветеринарлардын материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Натыйжада, олутуу жыйынтыктар жетишилди – бруцеллез оорусуна чалдыккан адамдардын саны дээрлик алты эсеге – миң адамга чейин кыскарды.

Ветеринария илиминин доктору Жолдошбек Касымбековдун 2012-жылы Швейцарияда жүргүзгөн илимий-изилдөөлөрүнө таянсак, Кыргызстандагы адамдардын бруцеллез оорусуна чалдыгуусуна жана малдын ылаңдуулугуна байланыштуу экономикалык жоготуулар 2006-2011-жылдар аралыгында 32 млн АКШ долларга жеткен. Мындай абал өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизет.

Эхинококкозго каршы күрөшүү программасынын натыйжасында 2014-жылы ооругандардын саны 1 185 адамга жетсе, ал эми 2018-жылы 905 адам катталган же 1,3 эсеге азайган.

      Ветеринария багытындагы кадрлардын жетишсиздигин азайтып, алардын катарын жаңы жаш кадрлар менен толуктоо максатында, үстүбүздөгү жылы агрардык университети 100 ветеринарды даярдап чыгарды. Алар өз айылдарына барып алган кесибин аркалап иштеп жатышат. Анын ичинде Ыссык-Көл жана Нарын облустарынан келген бүтүрүүчүлөр дагы бар.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары республикада ветеринардык адистердин саны жалпысынан 70% жогорулады. Мындай натыйжага жетүү үчүн көптөгөн иштер аткарылды. Мисалы, мыйзам актылары жана ветеринардык стандарттар Жаныбарлардын ден соолугун коргоо дүйнөлүк уюмунун талаптарына шайкеш келтирилди, жана билим берүү мекемелердин ветеринардык кадрларды даярдоо боюнча материалдык-техникалык базасы чыңдалды.

       

                Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

Кошумча маалымат үчүн коммуникация адиси Ирена Байтанаевага кайрылыңыздар

                 Байланыш телефону: 623659, 0770023659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg       

 

Интернеттеги баракчалар:

https://www.facebook.comИшке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу

https://www.facebook.com  – Доктор Азамат

https://www.youtube.com - Биздин видео

 

Телеграмм-каналга жазылыңыздар:

https://t.me/apiu2019

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу