Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бугу айынын 15

Сүттү кайра иштетүүчү ишканалар сүттүн баасын көтөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиевдин сунушу менен сүттү кайра иштетүү ишканалары «Ак-Сүт» жана ”Үмүт и Ко” ЖЧКсы 2019-жылдын май айынан баштап дыйкандардан сатып алынган сүттүн баасын кымбаттатты.

Ишканын башкы директору Кайрат Абдуллаев сүттүн сатып алуу баасы, майлуулугуна жараша литри, 22-25 сомго чейин жеткенин айтып, жай мезгилинде сүттүн баасы туруктуу болорун айтты.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 15

“Кыргызгипрозем” жер фондун инвентаризациялоо иштерин улантууда

“Кыргызгипрозем” МДИту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” № 114 токтомун ишке ашыруу максатында тиешелүү жумуштарды аткарууда.

“Кыргызгипрозем” МДИнун Жер фондусун инвентаризациялоо, жерлерди рекультивациялоо жана жайыттарга мониторинг бөлүмү 2019-жылдын 22-апрелинен 4- майга чейин Өзгөн районунун айыл аймактарынын жерлерин талаа-изилдөө жумуштарын аткаруу үчүн иш сапарга чыгып келди. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан райондун айыл аймактарында 1993-жылдагы инвентаризациялоодон кийин болгон өзгөрүүлөр аныкталып жана такталды. Ошондой эле токой фондусунун ар бир айыл аймак боюнча чек араларын жана аянтын тактоо боюнча жумуштар аткарылды. Ал эми 5 айыл аймакта аталган жумуштардын жыйынтыктары айыл өкмөттөрү жана айылдык кеңештери менен макулдашылды.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 14

Айыл чарба министрлиги «Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу» боюнча форум өткөрдү

Бүгүн 2019-жылдын 14-майында Жаннат отелинде «Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу» боюнча форум болуп өтүп, анда кырдаалды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү каралды. Болуп өткөн форумда жакшы кырдаалга жетүү инструменттеринин бири катары 2019-2003-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу боюнча Программанын долбоору сунушталды.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 14

2019-жылдын 1-майына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 118,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 1957 тоннага, же 1,7 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 13

Кыргыз Республикасында уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү долбоору

2019-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасында уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү долбоорунун иш чара Планын талкуулоо боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда жыйын болуп өттү.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 8

Айыл чарба министрлиги согуш ардагерлерин майрамы менен куттуктады

Улуу Жеңиш Күнү майрамына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери согуш ардагерлерине кичинекей белектерин беришти.

Учурдагы тынчтык күндөр үчүн сиздердин баатырдыгыңыздар жана эрдигиңиздер үчүн сиздерге чоң рахмат! Мындан ары да арабызда аман жүрүп, карыялык нускаңыздардардан жазбай, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңиздерге тилектешпиз. Баарыңыздар чың денсоолукта болуп, бакубат өмүр сүрүңүздөр. Дагы бир ирет – Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]   ...   10   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу