Жаңы технология өз үзүрүн бере баштады
Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айыл аймагында жайгашкан “Бирлик” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи үстүбүздөгү жылы 60 га жерде пахтанын “Кытай 59” үрөнүн кытай компаниясынын жардамы менен пленка астында сепкен болчу. Бул технология кошуна Кара-Суу району үчүн көнүмүш адат болгон болсо, Араван району үчүн жаңы технология болуп эсептелет.