Аравандын Төө-Моюн айыл аймагында тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмөлүү бак отургузулган
Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында ОсОО “Агрокомплекс” бакчылык (мөмө-жемиш) чарбасы 2017-жылы түзүлүп, суу жетпеген 183 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмөлүү бак отургузган.
Сулайманова Чынара жетектеген чарбанын жалпы айдоо аянты 191 гектарды (га) түзүп, бүгүнкү күндө анын 183 га аянтына 82 миң даана бактардын көчөттөрүнөн отургузулган. Негизинен бактардын көчөттөрү ошол Төө-Моюн айыл аймагынын шартына туура келе турган болуп тандалып алынган. Атап айтканда негизинен 40 миң даана түп эрте бышар кокон гилас, 40 миң даанасы шабдалы, 500 даанасы алма жана 500 даана өрүк туп эгилген. Учурда негизинен баардыгы көктөп ээн талааны көрккө бөлөп жатат.