Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Октябрь, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык тогуздун айынын 4

Тренинг-семинар өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

 

Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар сектору ОО «АгроЛид» консультациялык компаниясы, ФАО долбоору менен биргеликте 2019-жылдын  7-октябрында “Күнөскана чарбасы”   темасында бир күндүк тренинг семинар өткөрүү мерчемделүүдө (мындан ары  -  семинар). Семинар  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кичи залыннда өтөт.

Кененирээк
Жаңылык тогуздун айынын 2

Алкоголдук продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамакаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгы маалымдайт.

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгы тарабынан тузулгөн комиссия, курамында: Кыргыз Республикасынын Окмотунө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы курөшуу боюнча мамлекттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы

Кененирээк
Жаңылык тогуздун айынын 1

Кыргызстанда заманбап прогрессивдүү технологияларды жайылтуу боюнча семинар өткөрүлдү

 

2019-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар сектору, Кыргызстан жер пайдалануучулар жана токой пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте “Климаттын өзгөрүү шартында жерди заманбап системалардын жана прогрессивдүү технологиялардын негизинде эффективдүү пайдалануу”  темасында бир күндүк теоретикалык жана практикалык аймактык окуу семинар  өткөрүлдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 30

2019-жылдын 27- сентябрында сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди

 

Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборуна 2019-жылдын 23- сентябрынан 27- сентябрына чейин сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Мазь цинковая, крем «Зорька» с флорамицином 200гр.

Мазь цинковая – даарысы жаныбарлар үчүн, жумшартуу жана коргоо үчүн колдонулат. Мындан сырткары антисептикалык, кургатучу күчкө ээ. Мазь жарааттагы эксудат суюктугун бөлүп чыгарууну азайтат. Мазь цинковая экземаны, дерматитти, пиодерма, күйүктү дарылоодо колдонулат. Мазьды бүлүк дарылар менен бирге колдонууда зыяндуулугу жок.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 27

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаменти 2019-жылдын 27-сентябрында ООО «EURO CHEM GROUP» орусиялык компаниясынын өкүлү жана жер семирткичтерди ташуучу Кыргыз ассоциациясынын жетекчиси (КАПУ) Акунбеков Э.А  менен жолугушуу өткөрдү. 

Республикага 2020-жылга карата  жазгы талаа иштерине төлөмүн 5-6 ай кечиктирүү менен азот  жер семирткичин алып келүү маселелери каралды.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 27

Ыссык-Көл жана Нарын областарына айыл чарбаны өнүктүрүүгө берилген инвестициялардын натыйжалары

 

2019-жылынын 23-сентябрында Арал айылында “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун аякташы боюнча Координация жана эксперттик колдоо тобунун жыйынтыктоочу отуруму өттү. Долбоор 2013-жылы башталып, 2019-жылдын 30-сентябрында аяктайт.

Долбоордун иш-чаралары Ыссык-Көл, Нарын облустарында (125 айылдык аймак) жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда (5 айылдык аймак) жүргүзүлдү. Өлкөнүн бардык аймагында бруцеллез жана эхинококкозду көзөмөлдөө программалары ишке ашырылды.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 27

«Евразия интеграцияларынын өнүгүүсүнүн азыркы тренди катары  ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү агро өнөр жай комплекси жана өнөр жайынын долбоорлорунун

биргелешкен программасы»

 

2019-жылынын 26 сентябрында «Евразия жумалыгы» экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери «Евразия интеграцияларынын өнүгүүсүнүн азыркы тренди катары  ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү агро өнөр жай комплекси жана өнөр жайынын долбоорлорунун биргелешкен программасы» панелдик сессиясына катышышты, сессияда   Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Исаев Амангелди Сапарбекович саламдашуу сөзүн сүйлөдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 26

Урматтуу дыйкандар 29-сентябрьдан 30-сентьябрьга чейин, өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Тоолуу райондордо үшүк жүрүп, катуу жамгыр жаап, карга айланаарын кыргыз гидромет эскертет. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги түшүмдөрдү оруп, жыйноо иштерин тездетип, баардык чараларды ыкчам түрдө көрүүңүздөрдү өтүнөт.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 25

 25-сентябрьда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги уюштурган "Агро Экспо 2019" жарманкеси ачылды. Аталган иш чарага өлкө аймактарынан 200 дөн ашуун дыйкандар катышып, айыл чарба техникалары менен таанышты. Жарманкеге 50 дой фирма катышып, бир канча өлкөлөрдүн айыл чарба шаймандары жана техникалары коюлду. Иш чараны "Айыл банк" каржылап, ачылышына Вице-Премьер министр Замирбек Аскаров жана Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбековдор катышты.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 25

Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти, 2019-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлигинин чакан залында, «Кыргыз Форели» ЖЧКсы менен биргеликте балыктардын тоюттары, балыктардын ооруларын алдын алуу жана дарылоо, контролдук таразага тартуу, ветеринардык тазалоо, аэраторовтоду пайдалануунун натыйжалуулугун жана балыктарды туура ташуу темаларында семинар өткөрдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 23

   Айыл чарба, тамак аш, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Бакай-Ата районунун "Бакай-Ата сорт сыноо" участогуна барып, төө бурчактын жаңы сортторун өздөштүрүп жаткан дыйкандар менен жолугушту. Анда төө буурчакты тазалап, кайра иштетүүгө даярдап чыга турган жабдуулардын сапатын көрүп, түшүмдөрдү жыйноо иштерине катышты. Эсиңиздерге салсак бүгүн бир кг төө буурчактын баасы 60 сомду түзүүдо.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 20

Министр Э.Чодуев, «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid»  компаниянын Президентти менен жолукту

Бүгүн Кыргыз Республикасыны Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев, «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid»  компаниянын Президентти Ю Хин Х мырза менен жолукту.

         Жолугушууда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба багытында кызматташууну жана Кыргызстандагы эхинокок орусун алдын алуу максатында өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди колдонуу боюнча талкуулашты. Ошондой эле, тараптар бул кадамдар Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы үчүн маанилүү экендигин билидиришти.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 20

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматы

2019-жылдын 13-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын кырманында күздүк кылкандуу дан эгиндерин ууландыруу башталып, Ысык-Көл регионалдык Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн адистери тарабынан дыйкан фермерлерге, дан эгиндерин ууландырууда кантип коопсуздукту сактоо керектигин жана канча нормада пестициддерди колдонорун түшүндүрүп, маалыматтар жана сунуштар

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 19

Пахтанын түшүмүн комбайн менен жыйноодо дефолиация ыкмасын колдонууну сунушташууда

 

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин Ош регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн адистери, Кара-Суу жана Араван райондорунда пахта аянттарында изилдөөлөрдү жүргүзүп, пахтанын түшүмүн комбайн менен жыйноодо дефолиация (жалбыракты кургатып түшүрүүчү химикат) ыкмасын колдонууну сунушташууда.

Дефолиациянын (дефолиант - бул пахтанын жалбарагын түшүрүү максатында колдонулуучу пестицид) максаты - косекке күн түз тийип, пахтанын тез бышуусуна шарт түзүлөт жана пахта буласын терүүгө ыңгайлуу болот. Ошондуктан дыйкан-фермерлерге, кооператив башчыларына жана үрөн чарбаларга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 18

Ukrainian Food Expo 2019 көргөзмөсү 2019-жылдын                 27-28-ноябрында Киев шаарында өтөт

Ukrainian Food Expo (UFExpo) - бул тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды өндүрүүчүлөр, улуттук жана эл аралык дистрибьюторлору менен кайра иштетүүчү ишканалар, түйүндүк жана түйүндүк эмес ритейл сатып алуучулар, ресторандык бизнес өкүлдөрү, чет өлкөлүк байерлер, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды жана технологияларды жеткирүүчүлөр үчүн жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө арналган  аянтча.

Биринчи көргөзмө UFExpo 2017-жылы 23-24-ноябрында  өткөрүлүп, дароо эл аралык деңгээлдеги макамга ээ болгон жана 85 экспонент, 2000 бизнес-келүүчүлөр дүйнөнүн 39 өлкөсүнөн катышкан.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 17

Ветеринардык даарыларды колдонуунун алдында ветеринар врачка кайрылып, көрсөтмөсү боюнча колдонуӊуздар

 

         Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборунун (мындан ары Борбор) 2019-жылдын  9- сентябрынан  13- сентябрына чейин сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Бронтел 10%, Азидин вет 2,4гр.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 17

Жаңы технология  өз үзүрүн бере баштады

 

         Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айыл аймагында жайгашкан “Бирлик” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи үстүбүздөгү жылы 60 га жерде пахтанын “Кытай 59” үрөнүн  кытай компаниясынын жардамы менен пленка астында сепкен болчу. Бул технология кошуна Кара-Суу району үчүн көнүмүш адат болгон болсо, Араван району үчүн жаңы технология болуп эсептелет.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 16

«Карантинге алынган продукцияларды жана объектилерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу» деген темада билимин жогорулатуу курсу башталды

 

Ушул жылдын 9-сентябрында Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораториянын базасында «Карантинге алынган продукцияларды жана объектилерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу» темасындагы билимин жогорулатуу курсу башталды. Бул курска департаменттин аймактык башкармалыктарынан адистер келип катышууда. Билимин жогорулатуу курсун «Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча бүткүлроссиялык борбору» ФБГУ ВНИИКРдин адистери өткөзүшөт.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 16

Ысык-Көл облустундагы соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактагыч кампалар боюнча 2019-жылдын 2-сентябрына карата маалымат

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жүргүзгөн мониторинги боюнча Ыссык-Көл облустунда 1 иштеп жаткан соода-логистикалык борборлор бар.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 13

Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин какао-продуктуларынын айрым түрлөрүнө карата ташып киргизүү бажы алымдарын колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө

         Министрлик Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын
6 августундагы Коллегиясынын №139 чечими жөнүндө маалымдайт. Евразия
экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин кириш бажы алымдарынын ченин колдонуу мөөнөтүнүн узартуусу каралды, какао-пастасы, какао-майсыз жана какао-майына карата атайын белгиленген товарлардын бажы наркынын 0 пайыз өлчөмүндө 2020-жылдын январь айынын 1-нен тартып, 2022-жылдын 31-декабрына чейин кошулат.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 11

Балыктын чөнөк баштары  көлмөлөргө коё берилди

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаментинин ихтиология, балык уулоо жана балык запастарын коргоо бөлүмүнүн адистери жана Чүй-Бишкек аңчылар жана балык улоочулар коому менен биргеликте, карп балыгынын чөнөк баштарын (молодь) кармоо жана коомдун башка пайдаланылуучу көлмөлөрүнө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо максатында коёберүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 10

Борбор мамлекеттик каттоодон өткөн жана шайкештик сертификаты бар ветеринардык дары-дармек каражаттарын колдонууну сунуштайт

 

         Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборунун (мындан ары Борбор) 2019-жылдын 2- сентябрынан 6- сентябрына чейин сертификаттоого 3 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Офтальмостар – гель, Мазь Ихтиоловая 10%, Бицыновет 3.

         Эртен 10-сентябрда Борбордо Пресс Тур боюнча телевидениядан, газетадан журналистер келип съёмкага тартуу иш чарасы өтөт.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 10

Жалал-Абад облустундагы соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактагыч кампалар боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жүргүзгөн мониторинги боюнча Жалал-Абад облустунда 1 иштеп жаткан соода-логистикалык борборлор бар:

Ноокен районунда 2000 миң тоннага чейин сактоо көлөмү менен “Рустамбек” ЖИ соода-логистикалык борбору бар. 0,81 гектар жер участогунда жайгашкан.

Белгилей кетсек, соода-логистикалык борборлордон тышкары учурда Жалал-Абад облустунда 15 иштеп жаткан жашылча жана мөмө-жемиштер сактагыч кампалар бар.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 10

Бажы биримдигинин техникалык регламенти 034/2013

«Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө»

«Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентерин иштеп чыгуу планына жана Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Евразия экономикалык Комиссиясынын Кеңешинин чечиминин долбоорун коомдук такуулоонун башталышы жөнүндө  Министирлик маалымдайт. «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 034/2013) Бажы биримдигинин техникалык регламентине өзгөртүүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө, союлуучу азыктарды жана эт азыктарын маркировкалоодо тамак-аш баалуулугун көрсөтүүдө айрым түшүнүктүк аппараттын (БС ТР 034/2013) позицияларын тактоого карата талаптарына өзгөрүүлөр киргизилүүдө.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 9

Аравандын Төө-Моюн айыл аймагында тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмөлүү бак отургузулган 

 Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында ОсОО “Агрокомплекс” бакчылык (мөмө-жемиш) чарбасы 2017-жылы түзүлүп, суу жетпеген 183 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмөлүү бак отургузган.

Сулайманова Чынара жетектеген чарбанын жалпы айдоо аянты 191 гектарды (га) түзүп, бүгүнкү күндө анын 183 га аянтына 82 миң даана бактардын көчөттөрүнөн  отургузулган. Негизинен бактардын көчөттөрү ошол Төө-Моюн айыл аймагынын шартына туура келе турган болуп тандалып алынган. Атап айтканда  негизинен 40 миң даана түп эрте бышар кокон гилас, 40 миң даанасы шабдалы, 500 даанасы алма жана 500 даана өрүк туп эгилген.  Учурда негизинен баардыгы көктөп ээн талааны көрккө бөлөп жатат.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 9

Куйруктуу эт-май багытындагы койлордун I-республикалык көргөзмөcү өттү

 

2019-жылдын 8-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын аймагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте Кыргыз кой өстүрүүчүлөр коомдук бирикмеси куйруктуу эт-май багытындагы койлордун I- республикалык көргөзмөcүн өткөрдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 6

АгроТехЭкспо-2019

Республикалык көргөзмөсү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация Министрлиги “Айыл Банк” ААКму менен биргеликте 2019-жылдын 25-27 сентябрында Бишкек шаарында “АгроТехЭкспо-2019” Республикалык көргөзмөсүн өткөрүүнү болжолдоодо.  «АгроТехЭкспо-2019» - Кыргызстандагы агроөнөржай комплекси үчүн дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн чыгарган техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет. Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 5

Америкалык ак көпөлөккө изилдөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат

Чүй регионалдык Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн адистери тарабынан, Чүй облусунун Панфилов жана Жайыл райондорунда америкалык ак көпөлөгүнүн ⅠⅠ - муунуна карата изилдөө иш чарасы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери менен биргеликте 160 га. аянта жүргүзүлдү.

Иш чаранын жыйынтыгында үлгүлөр алынып, Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин лабораториясына тапшырылды. Бүгүнкү күнгө чейин америкалык ак көпөлөктүн Ⅰ-муунуна каршы химиялык иштетүүлөр Чүй облусу боюнча  935 га изилденип анын ичинен химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 510 га, иштетилгени – 510 га.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 5

"Евразия жумалыгы" эл аралык форумунун алкагында 2019 жылдын 26 сенттябрында сатып алуу сессиясы өкөрүлөт

 

Бул жылы  айыл чарбасы жана тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайын, анын ичинде толук циклин өндүрүштөн баштап ишке даяр продукцияны алып чыгарууга бөлүштүрүү борборлору жана тармактык структурасына арналат.

Сатып алуу сессиясынын негизги максаты - соода ишканаларын жеткирүүчүлөр менен тааныштыруу, коммерциялык контракттарды жеткирүү жана түзүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо жана ишкерлердин продукциясын жылдырууга көмөк көрсөтүү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 4

Талас облусунун Манас районунун чек ара өткөрмө постуна  ЕАЭБтин талабына ылайык«Чоң-Капка» фитосанитардык пункт ишке киргизилди

 

             2019-жылдын 2-сентябрында Талас облусунун Манас районунун «Чоң-Капка» чек ара өткөрмө постунун жанына ЕАЭБтин талабына ылайык жана Талас облусунун ишкерлерине, дыйкандарына айыл чарба өсүмдүк продукциясын коңшу Казак мамлекетине экспорт маселесин жеңилдетүү максатында «Чоң-Капка» фитосанитардык пункт кыска мөөнөттүн аралыгында ишке киргизилди.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 3

Тамчылатып сугаруу системасын практикалык жактан окуу жургузуу максатында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катран айылында демонстациалык участок курулду

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар бөлүмү, "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамактанууну жакшыртуу"долбоорунун 2-Компоненти  жана “ЦОКИ” "Окутуу кенеш берүү жана инновация борбору" Коомдук фондунун кызматташтыгынын натыйжасында иштер аткарылып келүүдө.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 2

2019-жылдын 1-сентябрына карата тоют даярдоо

 боюнча  маалымат

        

2019-жылдын 1-сентябрына жалпы Республика боюнча 2555706 т. тоют даярдалган, 2018-жылга салыштырганда 110048 тоннага көп, анын ичинен: чөп – 2171269 т.. 2018-жылы болсо 2110135 т. даярдалган, өткөн жылга салыштырганда 2019- жылы чөп 61134 тоннага көп даярдалган.  2019-жылдын 1-сентябрына саман 383341т. даярдалган, өткөн жылга салыштырганда 49844 тоннага көп же болбосо 15% пайызга жогору.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 2

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялардын адистеринин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар аяктады

2019-жылдын 18 августунан 31-авугустуна чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы   Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториянын имаратында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Россия Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекеменин «Бүткүлроссиялык өсүмдүктөрдүн карантини борбору» (ВНИИКР) үч адиси башкача айтканда

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 2

Ош облустундагы соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба азык-түлүктөрдү сактоочу кампалар боюнча 2019-жылдын 2-сентябрына карата маалымат

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жүргүзгөн мониторинги боюнча Ош облустунда 4 иштеп жаткан соода-логистикалык борборлор бар:

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 30

Министр Эркинбек Чодуев Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барды

 

 

2019-жылдын 25-28-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жана министрликтин тиешелүү кызматкерлери,  Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барды.


Иш сапардын алкагында Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары  Ма Юсяном, Башкы бажы башкармалыгынын төрагасынын орун басары  Чжан Цзивэнем  менен жолугуп,  эки өлкөнүн айыл чарба багытында кызматташуусун талкуулашты.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 29

2019-жылдын 29-августуна карата республикабызда өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оруп-жыюунун жүрүшү жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан 2019-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-февралындагы № 10-б буйругунда дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо жагы белгиленген:

-Мамлекеттик Материалдык резервдер Фондусу  аркылуу сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, клейковинасы 23% кем эмес  15,0 миң  тонна аштык буудайды сатып алуу.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 28

Өндүрүлгөн сүт азыктары Россия Федерациясына экспорттолот

 

Министрликтин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жана Тамак-аш кайра иштетүү бөлүмүнүн адистери Талас областынын сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларга жумушчу иш-сапарга барып келишти.

         Адистер “Талас Даамы” сыр өндүрүүчү ишкананын иши менен жеринен таанышып келишти, аталган ишкана 2002-жылы “ЖИ Тууганбаев Б. О” аталышта сүттү кайра иштетүү боюнча өз ишин баштаган. Бүгүнкү күндө ишкана сырдын түрлөрүн жана каймак майын чыгарышууда. Өндүрүлгөн сүт азыктары Россия Федерациясына экспорттолот жана Кыргыз Республикасынын аймагында сатылат.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 28

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аткарып жаткан иштери

 

2019-жылдын 23-август күнү Бириккен улуттар уюумунун Кыргызстандагы кеңсесинде «Борбордук Азияда жана Түркияда пестициддердин жашоо циклин жана ТОБ-пестициддерди жок кылуу» боюнча регионалдык долбоорунун улуттук башкаруучу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү Химиялаштыруу жана коргоо департаменти катышты.

Башкаруучу комитеттин Биринчи отурумунда долбоордун максаттары жана аткарылгандан кийинки натыйжасы, долбоордун 2019-жылга Иш-планы жана Башкаруучу комитеттин регламенти талкууланды.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 27

Кыргыз Республикасынын «Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзамын иш жүзүнө ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун экинчи жыйыны болуп өттү

 

2019-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз Республикасынын «Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзамын иш жүзүнө ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун экинчи жыйыны болуп өттү.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 27

Индонезиядан 12500 доз жогорку сапаттагы тоңдурулган сүт, эт багытында букалардын жана текелердин уруктары алынып келинди

 

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмѳтү жана Ислам ѳнүктүрүү банкы менен бирдикте кызматашуу Меморандумдун негизинде Индонезиядан 12500 доз жогорку сапаттагы тоңдурулган букалардын жана текелердин уруктары келген.

Эт, сүт багытындагы ийри мүйүздүү малдардын төмөндөгү пародалары:

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 27

2019-жылдын 21-августунда химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти “Рейнкетчер” ЖЧК менен биргеликте, күнөскана шарттарында бадыраңдын айдоолорунда сыноо-көрсөтүү тажрыйбасын өткөрүштү

“Рейнкетчер” препараты 2,5 баштап 10,0%  чейинки органикалык азотту камтыган жана кыртышта өзүнүн оң таасирлерин үч-беш жылга чейин кармаган, нымды сактаган суперабсорбент-гидрогель болуп саналат.

“Рейнкетчер” препаратын колдонуу, сугаттардын санын кыскартууга, өсүмдүктөрдүн өнүгүүсүнүн эрте стадияларында азык элементтер менен камсыз кылууга, эрозиянын кесепетинен  кыртыштын түзүмүнүн бузулуусунан сактоого, экинчи ирет туздануу процесстерин жана кыртыштын шордонуусун азайтууга мүмкүндүк берет, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана өнүгүүсүнө жагымдуу таасир берет.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 26

Айыл чарба министрлиги менен “Бишкек машина куруу заводу” өз ара кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду

2019-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду. “БМЗ” ААКму татаал техникалык жабдууларды, жүк көтөрүүчү механизмдерди жана башка өндүрүшкө керектүү машиналарды жасап чыгаруучу жогору механизациялаштырылган ишкана болуп саналат. Негизинен “БМЗ” ААКму Россиянын айыл чарба техникаларын жасап чыгаруучу заводдорун тартуу менен айыл чарба техникаларын тейлөө борборлорун түзүүдө, ченеп-өлчөөчү приборлорду жана жабдууларды диагоностикалоодо, техниканы тейлөөдө колдонуулуучу инструменттер менен камсыздоо багыттарында кызматташууну сунуштоодо.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 26

Кытайлык инвесторлор кыргызстандын төө буурчагына кызыкдар

Кытай Эл Республикасынын Хелунцзян провинциясындагы АО «Санидей» акционердик бирикмесинин директору  Чжан Цзю 2-3 күндө бери Кыргызстанда төө буурчак өндүрүү маселесин талкуулаганы Чуй жана Талас областарына иш сапар менен келди. Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин тапшырмасы менен 21-августа Талас областындагы Кыргыз өкмөтүнүн ыйгарымдуу өкүлү Мураталиев М.М. менен жолугушуп, кызматташуунун жөнүндө талкуу болду.  Ошондой эле обустагы эгилип жаткан төө буурчактын Турциядан алынып келинген жаңы сорттору менен, тазалап, кайра иштетүүчү комплекстер менен таанышышты.                  

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 26

Министр “Каракетов М жылкы заводунда” ишмердүүлүгү менен таанышты

2019-жылдын 24-август күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Каракетов М жылкы заводунда” асыл-тукум Англия тукумундагы күлүктөр менен жеринен таанышып, фермерлер менен көйгөйлөрдү талкуулашды.

Республикабыздын мал чарбасын асылдандыруу, сандан сапатка өтүү жана асыл тукум мал чарбасындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында жылкы заводун жеринен көрдү Министр.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

42 абитуриент билим алууга Россия Федерациясынын Москва шаарына жөнөп кетишти

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги менен Россия Федерациясынын Петр I атындагы Воронеж мамлекеттик агрардык университети биргеликте эки мамлекеттин ортосунда мамилени бекемдөө жана айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба тармагында адистердин билим деңгээлин өст��рүү максатында макул��ашууга 2017-жылдын февраль айында кол коюшкан.

Петра I атындагы Воронеж мамлекеттик агрардык университети сынактан өтүп келген бүтүрүүчүлөргө акысыз билим берет жана мыкты окуган студенттердин университеттен стипендия алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле практика жүзүндө заманбап технологиялар менен окууну үйрөнүү жана тажырыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. 

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

“Кыргыз –Корей” агроөнөр жай борбору менен кызматташууну улантууда

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнор жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Корей коомдук бирикмесинин “Кыргыз –Корей” агроөнөр жай борбору менен кызматташууну улантып жатышат. Мындан ары Департаменттин кызматкерлери аталган бирикменин күнөсканалары үчүн органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн технологияларын колдонуу жолу менен “Экологиялык таза азыктарды өндүрүү” боюнча коштоо кызматын көрсөтүшөт.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

Бал челекчилик боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын балчыларынын ургалдуу мезгили - бул 2019 - жылдын тушумунун балын жыйноо. Быйылкы жылы бал жыйноо абдан тушумдуу. Ургалдуу өнүгүп жаткан өндүрүштүн жоктугуна байланыштуу, бийик тоолуу жайлоолордо алынып жаткан бал - экологиялык жактан таза продукт.

Жыйналган балды сатуу керек. Балды сатуу үчүн тиешелүү кайра иштетүү талап кылынат (балды тазалоо, бир түрдүү абалга жеткирүү, өлчөп салуу, туура маркалоо).

Бал челекчилик продукциясын кайра иштетүү боюнча обьектилерди каттоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, анын облустук жана райондук түзүмдүк бөлүмдөрү ишке ашырат.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин базасында “Айыл чарбасын жана кооперативдерге колдоо көрсөтүү борбору” түзүлдү

 

ТИКА Түрк кызматташтыгы жана координациялоо агенттигинин Бишкектеги программаларды координациялоо офисинин колдоосу менен
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин базасында “Айыл чарбасын жана кооперативдерге колдоо көрсөтүү борбору” түзүлдү. Азыркы учурда окуу пландары түзүлүп жана иштелип жатат, ачылышы 2019-жылдын сентябрь айынын ортосунда болот деп пландалууда. Центрда айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө окуулар өткөрүлөт.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

Чуй облусундагы соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактагыч кампалар боюнча 2019-жылдын 1-августуна карата маалымат

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жүргүзгөн мониторинги боюнча Чүй облусунда 3 иштеп жаткан соода-логистикалык борборлор бар:

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ)  Өнүктүрүү Программасы  «Баткен облусунда  климаттык туруктуу күчөтүүнү” “акылдуу климаттык ” сугарууну жайылтуу жана селден сактануу иш чаралары” долбоорун ишке ашыра баштады

 

Министирликте суу ресурстары жана инновациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы А.Сагынбаевтын кабинетинде, ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү адисисинин милдетин аткаруучу Т. Мусаев,  Союз СПА уюмунун төрагасы  Эркинбек Кожоев,  климаттын өзгөрүшү, айлана чөйрө жана туруктуу өнүгүү боюнча консультант  А.Темирбеков жана Департаменттин мониторингин анализдөө жана өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Д.Сакыев  катышуусунда 2019-жылдын  15-августунда  жолугушуу болду.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 23

2022-жылдын августуна чейинки кошумча өткөөл мезгили  ББ ТР 033/2013 «Кефир» терминин аныктамасы боюнча

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы биримдигинин "Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (мындан ары-ББ ТР 033/2013) техникалык регламенти күчүнө кирген. Ошону менен бирге, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы  №11 чечимине ылайык, белгиленген өткөөл мезгил Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген шайкештик жөнүндө тастыктамалардын жана декларациялардын негизинде, 2019-жылдын 12-августуна чейин, башкача айтканда, көрсөтүлгөн Техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып 2 жылдын ичинде продукцияны чыгарууга мүмкүндүк берет.

ББ ТР 033/2013 ылайык Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрүнүн  мүмкүнчүлүгү жок декларациялоо "кефир" колдонуу менен, ачыткы өсүмдүктөрүнүн тике киргизүү  тармакты колдонуу, бири-ынак сүттү да, "кефир" деп аталат.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 22

ПИКАССО картошка жана жашылчаларды жууп-тазалоочу жабдуу жөнүндө маалымат

Картошканын нематодасын  жууп-тазалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Пикассо" ЖЧКсы  менен биргеликте жабдуулардын бир партиясын коюуну демилгеледи. Бул жабдуу алтын түстүү картошка нематодасын топурак аркылуу таралуусун токтотот. Бүгүнкү күндө 3 комплект жабдуу орнотулду, бирөө Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылында, экөө Ысык-Көл облусунун Тон районунун Карл-Маркс айылында.

 

2004-жылы биринчи жолу Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик зыяндуу организм - Алтын түстүү картошка нематодасы табылган. Алтын түстүү картошка нематодасы өсүмдүктөрдүн тамырларын жана жемиш тамырларына таасир этет. Түшүм жоготуу 50дөн 90 пайызга чейин болушу мүмкүн, кээде ал толугу менен жок болот.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 22

Белоруссия жана Кыргызстандын ортосунда ветеринариялык даарылар боюнча өз ара кызматташуу боюнча талкуу болду

Бүгүн 20 август күнү Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча бөлүм башчысы Акназаров Дарманбек жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мүдүрү Жумаканов Калысбек, Белоруссия мамлекетинен келген ветеринардык даарыларды өндүрүүчү АОА «БЕЛВИТУНИФАРМ» фирмасы менен жолугуп, Белоруссия жана Кыргыз Республикаларынын ортосунда ветеринариялык даарылар боюнча өз ара кызматташуу жана тажырыйба алмашуу боюнча талкуу жүргүзүштү.

 

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 21

Министр Кореялык жеке инвестор Ким менен жолукту

 

Бүгүн 21 августа Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Кореялык жеке инвестор Ким (картошканы кайра иштетүүчү ишкер) менен жолукту.
Жолугушууда эки тарап Кыргызстандын картошкасынын үрөндөрүн жаңылоо, көлөмдүү түшүмдөрдү берүүчү үрөндөрдү Кореядан алып келүү, ошондой эле картошканын зыянкечтерин, илдеттерин жою, органикалык картошкаларды өндүрүү жөнүндө талкуу болду. 
Кореялык жеке инвесторлор Ким Кыргызстандын картошкасы органикалык таза жана даамду экенин айтып, үрөнүн жаңылоо керектигин билдирди. Ошондой эле Кореядан көлөмдүү түшүм берүүчү таза картошканын үрөнүн алып келүү максатында долбоор түзүп

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 21

Айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча

маалымат

 

Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектерин техника менен камсыз кылуу максатында министрлик тарабынан демилгеленип, Кыргыз Республикасынын +км=тъ тарабынан кабыл алынган токтомдордун жана буйруктардын негизинде «Айыл Банк» аркылуу 6 кредиттик лизингдик долбоорлор дыйкандарга кызмат к=рс=тъп жатат. Бъгънкъ кънг= карата бардыгы болуп 3800,0  млн. сомго 2865 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2082 даанасы тракторлорду, 117 даанасы комбайндарды, 12 даана кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуучу жабдууларды, 81 даанасы атайы техникаларды жана 551 даанасы чиркеме айыл чарба шаймандарын түздү.

2019-жылдын 20-августуна карата фермерлерге 246 даана айыл чарба техникасы лизингке берилди.

 

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 20

Быйылкы жылы да жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү гектарынан 11-12 тоннадан  күтүлүүдө

 

Бүгүн 17 августа Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы   айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин кызматкерлери Чүй облусундагы  өстүрүлүп жаткан жүгөрүнүн гибрид үрөндөрүн  талаа инспекциясынан өткөрүүнү Сокулук районунда улантышты.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 19

Министр Эркинбек Чодуев Франциялык инвестор Филиппа Бель менен жолукту

 

Бүгүн 19 августа Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Франциялык инвестор Филиппа Бель менен жолукту.

Жолугушууда  эки тарап Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана кыргызстанга ГМОну киргизүүгө тыйуу салуу ошондой эле, органикалык айыл чарба адистеринин билимин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жөнүндө талкуу болду.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 19

Ош облусунда “Тоо меринос породасындагы койлордун санын көбөйтүү, жүндүн сапатын жогорулатууга селекция иштерин жүргүзүү” темасында республикалык семинар өттү

 


2019-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Ош облусунун Кара-Суу районунун “Катта-Талдык” мамлекеттик кой өстүрүүчү заводунун базасында “Тоо меринос породасындагы койлордун санын көбөйтүү, жүндүн сапатын жогорулатууга селекция иштерин жүргүзүү” максатында республикалык семинар өткөрүлдү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев, министрликтин адистери, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махамадов, Кара-Суу районунун орун басары К.Адиев, 7 облустун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары жана

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 19

2019-жылдын 01-августуна карата тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга жана куносканаларды курууга республика боюнча 29063.0 миң сом жеңилдетилген насыя берилди

 

Тамчылатып суугару системаларын орнотууга жана күнөсканаларды курууга “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу жеңилдетилеген насыялар берилүүдө.

         Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар бөлүмүнүн жана “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун кызматашуусунда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде “Айыл чарбасын каржылоо -7” долбоору боюнча 2019-жылдын 01-августуна карата тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга жана күнөсканаларды курууга республика боюнча 29063.0 миң сом жеңилдетилген насыялар берилген.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 16

20-августа "Евразия жумалыгы"

форумдун сатып алуу сессиясына арыздарды кабыл алуу аяктайт

 

"Евразия жумалыгы" эл аралык форумунун алкагында көргөзмө жана сатып алуу сессиясы өкөрүлөт.

Бул жылы  айыл чарбасы жана тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайын, анын ичинде толук циклин өндүрүштөн баштап ишке даяр продукцияны алып чыгарууга бөлүштүрүү борборлору жана тармактык структурасына арналат.

Көргөзмөдө  өзүнүн иштеп чыгууларын гана көрсөтпөстөн, ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдүн рыногунда өнөктөштөрдү жана бизнес - чечимдерди табууга да мүмкүндүк берет.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 14

Борбор мамлекеттик каттоодон өткөн жана шайкештик сертификаты бар ветеринардык дары-дармек каражаттарын колдонууну сунуштайт

 

Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборунун (мындан ары Борбор) 2019-жылдын 5- августунан 9- августуна чейин сертификаттоого 3 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Альбендол 10%, Ветазал10%, Окситетрациклин 20%.

Альбендол 10% – даарысы жаныбарлар үчүн, паразит курттарга каршы колдонулат. Трематод жана цестод глистыларга жакшы таасирин берет. Бодо малдарга, кой, эчки ат жана төөлөргө колдонулат. Организмге уулулугу төмөн.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 14

Республика боюнча дан комбайндарынын оруп-жыйуу

жумуштарына катышуусу  тууралуу

Маалымат

 

Азыркы мезгилде республикада оруп-жыйуу жумуштарына 1919 даана дан комбайндары, 2800 ашык чөп чапкычтар, 1944 прессподборщиктер, 984 тырмоолор тартылып, алардын даярдыгы 80%, 86%, 92%, 95% түздү. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу Департаменттин кызматкерлери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыйуу өнөктүгүндө комбайндарды өсүмдүктөрдүн бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүштү.      

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 14

“Арпа” жайлоосундагы химиялык иш чаралар өз убагында аткарылып, баардык иштер жыйынтыкталды

 

2019-жылдын июль айынын аяктарында температуранын кескин жогорулашынын натыйжасында, Нарын облусунун Ак Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын “Арпа” жайлоосунда зыяндуу чегирткелердин массалык пайда болуусу  байкалды.

 Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери, зыяндуу чегирткелер айыл-чарба жерлерге жана жайлоолорго зыян алып келбөөсү үчүн, өз убагында жана ыкчам химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүштү.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 14

2019-жылдын январь айынан июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (Алко Башкармалыгы) 9 миңден ашык бөтөлкө алкоголдук ичимдиктерин мыйзамсыз сатуусуна бөгөт койду

 

Мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында министрлик тарабынан алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө жана өндүрүүсунө бөгөт коюу боюнча иштер жасалууда.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен биргелешкен ыкчам˗рейддик жана Кыргыз Республикасынын экономика министирлиги менен макулдашылган пландалбаган текшерүүлөрдүн негизинде 2019˗жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча жалпысынан суммасы 630,9 миң сомду түзгөн 9342 бөтөлкө алкоголдук продукциясы мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

Кененирээк
Жаңылык баш оона айынын 13

Төө бурчактын жаңы сортторун  өндүрүү

 

2019 жылдын 9-август куну АЧТА министринин айыл чарба осүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин мүдүрү Т.Айдаралив жана Талас областынын губернатору М.Мураталиев областын айыл чарба тармагынындагы өндүрүшүн жогорулатуу, түшүмдүүлүктү көтөрүү ыкмаларын жана жолдорун, өсүмдүктөрдүн жаны сортторун жана жаны технологияларды  дыйкандар арасында жайылтуу,  мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу маселерин талкуулашты.

Кененирээк

[1-8]  [9-16]  [17-24]  [25-32]  [33-40]  [41-48]   ...   9   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу