Урматтуу дыйкандар 29-сентябрьдан 30-сентьябрьга чейин, өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Тоолуу райондордо үшүк жүрүп, катуу жамгыр жаап, карга айланаарын кыргыз гидромет эскертет. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги түшүмдөрдү оруп, жыйноо иштерин тездетип, баардык чараларды ыкчам түрдө көрүүңүздөрдү өтүнөт.