Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Октябрь, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык аяк оона айынын 25

 25-сентябрьда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги уюштурган "Агро Экспо 2019" жарманкеси ачылды. Аталган иш чарага өлкө аймактарынан 200 дөн ашуун дыйкандар катышып, айыл чарба техникалары менен таанышты. Жарманкеге 50 дой фирма катышып, бир канча өлкөлөрдүн айыл чарба шаймандары жана техникалары коюлду. Иш чараны "Айыл банк" каржылап, ачылышына Вице-Премьер министр Замирбек Аскаров жана Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбековдор катышты.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 25

Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти, 2019-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлигинин чакан залында, «Кыргыз Форели» ЖЧКсы менен биргеликте балыктардын тоюттары, балыктардын ооруларын алдын алуу жана дарылоо, контролдук таразага тартуу, ветеринардык тазалоо, аэраторовтоду пайдалануунун натыйжалуулугун жана балыктарды туура ташуу темаларында семинар өткөрдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 23

   Айыл чарба, тамак аш, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Бакай-Ата районунун "Бакай-Ата сорт сыноо" участогуна барып, төө бурчактын жаңы сортторун өздөштүрүп жаткан дыйкандар менен жолугушту. Анда төө буурчакты тазалап, кайра иштетүүгө даярдап чыга турган жабдуулардын сапатын көрүп, түшүмдөрдү жыйноо иштерине катышты. Эсиңиздерге салсак бүгүн бир кг төө буурчактын баасы 60 сомду түзүүдо.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 20

Министр Э.Чодуев, «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid»  компаниянын Президентти менен жолукту

Бүгүн Кыргыз Республикасыны Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев, «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid»  компаниянын Президентти Ю Хин Х мырза менен жолукту.

         Жолугушууда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба багытында кызматташууну жана Кыргызстандагы эхинокок орусун алдын алуу максатында өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди колдонуу боюнча талкуулашты. Ошондой эле, тараптар бул кадамдар Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы үчүн маанилүү экендигин билидиришти.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 20

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматы

2019-жылдын 13-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын кырманында күздүк кылкандуу дан эгиндерин ууландыруу башталып, Ысык-Көл регионалдык Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн адистери тарабынан дыйкан фермерлерге, дан эгиндерин ууландырууда кантип коопсуздукту сактоо керектигин жана канча нормада пестициддерди колдонорун түшүндүрүп, маалыматтар жана сунуштар

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 19

Пахтанын түшүмүн комбайн менен жыйноодо дефолиация ыкмасын колдонууну сунушташууда

 

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин Ош регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн адистери, Кара-Суу жана Араван райондорунда пахта аянттарында изилдөөлөрдү жүргүзүп, пахтанын түшүмүн комбайн менен жыйноодо дефолиация (жалбыракты кургатып түшүрүүчү химикат) ыкмасын колдонууну сунушташууда.

Дефолиациянын (дефолиант - бул пахтанын жалбарагын түшүрүү максатында колдонулуучу пестицид) максаты - косекке күн түз тийип, пахтанын тез бышуусуна шарт түзүлөт жана пахта буласын терүүгө ыңгайлуу болот. Ошондуктан дыйкан-фермерлерге, кооператив башчыларына жана үрөн чарбаларга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 18

Ukrainian Food Expo 2019 көргөзмөсү 2019-жылдын                 27-28-ноябрында Киев шаарында өтөт

Ukrainian Food Expo (UFExpo) - бул тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды өндүрүүчүлөр, улуттук жана эл аралык дистрибьюторлору менен кайра иштетүүчү ишканалар, түйүндүк жана түйүндүк эмес ритейл сатып алуучулар, ресторандык бизнес өкүлдөрү, чет өлкөлүк байерлер, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды жана технологияларды жеткирүүчүлөр үчүн жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө арналган  аянтча.

Биринчи көргөзмө UFExpo 2017-жылы 23-24-ноябрында  өткөрүлүп, дароо эл аралык деңгээлдеги макамга ээ болгон жана 85 экспонент, 2000 бизнес-келүүчүлөр дүйнөнүн 39 өлкөсүнөн катышкан.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 17

Ветеринардык даарыларды колдонуунун алдында ветеринар врачка кайрылып, көрсөтмөсү боюнча колдонуӊуздар

 

         Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборунун (мындан ары Борбор) 2019-жылдын  9- сентябрынан  13- сентябрына чейин сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Бронтел 10%, Азидин вет 2,4гр.

Кененирээк

[пред]  [1-8]  [9-16]  [17-24]  [25-32]  [33-40]  [41-48]  [49-56]   ...   9   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу