Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык аяк оона айынын 6

АгроТехЭкспо-2019

Республикалык көргөзмөсү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация Министрлиги “Айыл Банк” ААКму менен биргеликте 2019-жылдын 25-27 сентябрында Бишкек шаарында “АгроТехЭкспо-2019” Республикалык көргөзмөсүн өткөрүүнү болжолдоодо.  «АгроТехЭкспо-2019» - Кыргызстандагы агроөнөржай комплекси үчүн дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн чыгарган техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет. Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Көргөзмө Кыргызстандын айыл чарбасына, коомчулугуна дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүүчү жабдууларын көрсөтүү жана сунуштоо боюнча ири иш чара болот. Көргөзмө ордо калаанын борборунда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн алдындагы 5000 чарчы аянтта өтөт.  Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникаларынын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн үч күндүк ишине өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн 7000 ашуун фермерлердин жана дыйкандардын катышуусу күтүлүүдө.

 «АгроТехЭкспо-2019»  көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация Министрлиги жана “Айыл Банк” ААКму тарабынан даярдалган лизинг долбоорлору презентацияланат. Презентациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы ишке ашып жаткан лизинг долбоорлору, айыл чарба машиналарын лизинг аркылуу берүү маселелери, Кыргызстандагы каржы-насыялык мекемелеринин лизинг операцияларына катышуусу, лизингди камсыздандыруу жана башка маселелер талкууланат.

Эл аралык «АгроТехЭкспо-2019»  көргөзмөсүн өткөрүү боюнча уюштуруу комитети бардык машина куруучу заводдорду, айыл чарба техникаларын, кайра иштетүү жабдууларын ташып келип сатуучуларды, ветеринардык препараттарды, агрохимикаттарыды, жер семирткичтерди, энергетикалык каражаттарды жана башка айыл чарба товарларын сунуштоочуларды өзүнүн товарларын көрсөтүү үчүн көргөзмөгө катышууга чакырат.

Ушул иш-чарага катышууга кызыктар тараптарга төмөндөгү дарек боюнча кайрылууну сунуштайбыз:  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин  Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо Департаменти, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96А, 712-каб.  тел:  (996-0312) - 664509, 623629, 664481., www.agroprod.kg, “АГРОТЕХЭКСПО-2019”, E-mail: tehinspekzia@mail.ru.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу