Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 11

Жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын текшерүү  адистештирилген лаборатория иш алып барып келет

 

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болушу үчүн өз убагында сапаттуу жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын оптималдуу нормасын колдонуу зарыл. Бул жагдайда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак- аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин атайын адистештирилген көзөмөлдөө-токсикологиялык лабораториялары өлкөбүздүн фермердик жана дыйкан чарбаларына кызмат көрсөтүүгө даяр.

                Кыргызстанда эки адистештирилген лаборатория иш алып барып келет,  Борбордук жана Ош лабораториялары.

Лабораториялардын негизги милдети  болуп – сапаты төмөн өсүмдүктөрдү коргоо каражаттардын өлкөгө киргизилишинин жана пайдаланылышынын алдын  алуу, ошондой эле курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана калктын саламаттыгын сактоо үчүн өлкөгө алынып келинген минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын аныктоо.

                Аталган лабораториялар төмөнкү анализдерди аткарышат:

  • Пестициддердин сапатын жана дыйканчылык продукцияларындагы, топурак жана суудагы алардын калдыктарынын санын аныктоо;
  • Минералдык, органикалык жана органоминералдык жер семирткичтердин сапатын аныктоо;
  • Топурактын курамындагы нитраттык азоттун, фосфор жана калийдин кыймылдуу формаларынын, гумустун камтылышын санын, топурак эритмесинин кычкылдуулугун аныктайт.

 

Бекитилген тарифтерге ылайык бир топурак үлгүсүнүн баасы-1034 сом, пестициддер менен жер семирткичтердин бир үлгүсүнүн баасы- 1572 сомду түзөт. Дареги: Военно-Антоновка айылы, Токтогул №3 көч. Тел: 0312 35-25-08, 0770 85 00 26

 

 

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу