Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 10
1144953 3 2x

2019-жылдын 8-июлуна карата  КР  айыл чарба субьектилеринде оруп жыйноо жумуштарына  даярдык жана анын  жүрүшү боюнча  маалымат

 

Айыл чарба техникаларынын даярдыгы жана күйүүчү майлоочу материалдардын камсыздалышы. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштерине катышуучу техникаларды  оңдоо боюнча даярдыктар аяктоодо. Алсак, республикада колдо бары 2306  даана дан оруп жыйноочу комбайндардын  1571 даанасы оң абалда, же  68 % түзөт. Анын ичинен Баткен, Талас, Ош жана Чүй облустарынын чарбаларында колдо бар  дан-оруп жыйноочу комбайндардын  88-92  пайызы оң абалда болсо, Жалал-Абад облусунда 51,0 пайызы, Нарын, Ысык-Көл  облустарынын чарбаларында даярдыгы 39-45 пайызы  даяр болгон.

 Мындан тышкары, республика боюнча тракторлордун даярдыгы- 90%, трактордук чөп чапкычтар- 79%, трактордук чөп тырмоолор-86%, чөп таңгактагычтар-82 %, трактордук чиркегичтер-90 % жана дан-эгин тазалоочу машиналар-81% түзөт.

Ошону менен бирге бардык облус, райондордо  дан сактагычтарды жана складдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл чарба техникаларынын лизингинин долбоорлору боюнча быйылкы жылы фермерлерге 159 даана айыл чарба техникалары берилди.

         Республиканын оруп жыйноо иштерине карата бардык нефтебазаларында жана май куюуучу бекеттеринде дыйкандарга жеткиликтүү баада болгон күйүүчү майлоочу материалдар бар. 14,3 миң тонна дизелдик отун бар же  керектелүүчүгө карата 44,3% түзөт. Орточо баасы 43,7 сом/литр түзөт. Автобензин – 4,3 миң тонна же 43,1%, орточо баасы 39,3 сом/литр түзөт.

Жеңилдетилген акчалай насыялар. Республикабыздын айылдык товар өндүрүчүүлөрүнө  мамлекеттик колдоо максатында “Айыл чарбаны каржылоо-7” программасы боюнча “Айыл Банк” ААК, “РСК-Банк” жана башка  коммерциялык банктары аркылуу 2019-жылдын  4-июнуна карата 4 млрд. 599 млн. 197,7 миң сомго  9612 жеңилдетилген   насыялар берилген,  анын ичинен 699 чарба субьектилери кепилдик койбой эле 85 млн. 082,0 миң сом акча каражатын алышкан. “Дыйканчылык” программасы боюнча 1,0 млрд. 022 млн. 604,9 миң сом акча каражатына 2688 жеңилдетилген  насыя берилген, “Мал чарбасы” программасына – 2 млрд. 578 млн. 308,5 миң сомго 6667 жеңилдетилген насыя, ал эми айыл чарбасын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү” программасына  - 998 млн. 284,3 миң сомго 257 жеңилдетилген насыялар берилди.

Оруп жыйноо иштери жөнүндө.   Учурда  Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чарбалык субъектилери тарабынан кылкандуу дан эгиндеринин массалык оруп жыйноо иштери кызуу  жүрүп жатат. Ал эми, Чүй облусунда  кылкандуу данды оруп-жыйноо иштерине жаңы  эле киришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам билдирүүлөрүндө облустарда, 2019- жылдын 8 – июлуна карата жалпысынан 13,6 миң га кылкандуу дан эгиндеринин айдоо аянттары жыйналып, баардык аянттардын 3,0 % түздү, же былтыркы жылдын денгээлинен 1,3 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 30,9  ц/га болууда, бул былтыркы жылга караганда 2,2 ц/га көп, дүң жыйым - 42,0 миң тоннага жетип, былтыркы жылдын денгээлинен 6,8 миң тоннага көп.

         Анын ичинен буудайдын 7,6 миң га аянты, же жалпы аянттан 3,2 % жыйналды.Орточо түшүмдүүлүк 35,6 ц/га жана былтыркы жылдан 1,9 ц/га көп болуп, буудайдын дүң жыйымы 27,1  миң га түзүп, былтыркы жылдан 3,5 миң тоннага көп болууда.

Ал эми арпанын 6,0 миң га аянты, же 2,9% жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 0,7 миң гектарга көп, орточо түшүмдүүлүк 24,9 ц/га болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 2,8  ц/га көп, дүң жыйым 15,0 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 3,3 миң тоннага көп.

Республиканын облустарынын ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча эң жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад жана Талас  облусунда  болуп, ар бир гектарынан 39,5-34,0 ц/га түшүм алышып, же былтыркы жылдан  гектарынан 1,6-4,0 центнерге көп болууда.

Арпанын жогору түшүмдүүлүгү   Жалал-Абад, Талас облустарында жогоруу болуп,  ар бир гектарынан 28,5-26,9 ц/га түзүп, же былтыркы жылдан гектарынан 4,1 жана 0,9 центнерге көп алынууда.

Райондор боюнча буудайдын түшүмдүүлүгүнүн эң жакшы көрсөткүчү Сузак, Ноокен, Базар-Коргон жана Кара-Суу, Манас  райондорунда байкалды, жана орточо 40,0-30,2 ц/га болду. Ал эми арпа боюнча Кадамжай жана Ноокен  райондору өзгөчөлөндү 31,6 жана 31,0 ц/га жетти.

Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо менен катар республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйкан фермерлери картөшкөнү казуу жана жашылча, бахча, мөмөлүү өсүмдүктөрүн жыйноо иштерин жүргүзүшүүдө.

Республика боюнча картөшкө - 3,1 миң га жыйналды, сунушталган түзүмгө карата 3,9  % түздү. Орточо түшүмдүүлүк  146,7 ц/га,  же өткөн жылга карата 3,8 ц/га көп. Дүң жыйым  45,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 1,1 миң тонна көп.

Жашылчалардын дүң жыйымы  99,8 миң тонна түздү, былтыркы жылдан 1,9 миң тоннага көп.  Ал эми бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 54,2 миң тонна жыйналып, 2018-жылдан 3,4 миң тоннага көп болууда. Ошондой эле мөмөлүү жемиштер дүң жыйымы  14,9 миң тонна жыйналып, 2018-жылга караганда 6,1 миң тоннага көп жыйналды.

 

 

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу