Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 9

ИФАДдын миссиясы Кыргызстанга келип кетти

 

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (ИФАД) миссиясы Кыргызстандагы өзүнүн жумушчу сапарын аяктады.

Миссиянын курамы: Донал Браун – ИФАДдын вице-президентинин орун басары, Халида Бузар – ИФАДдын Жакынкы чыгыш, Түндүк Африка, Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн директору, Микаэль Каутту - ИФАДдын Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси, Кубанычбек Исмаилов - ИФАДдын Кыргыз Республикасындагы өкүлү.

Миссия Кыргызстанга 2019-жылдын 1-июлунда келип, жетектөөчү министрликтердин (айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, экономика, финансы) жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен мындан аркы кызматташтык талкууланып, Кыргызстандагы ИФАДдын долбоорлору жогорку деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди.

Бийик даражалуу меймандар ветеринария, жайыттарды башкаруу боюнча долбоордун иш-чаралары менен жакындан таанышуу үчүн Ыссык-Көл облусуна барып, жергиликтүү бийлик органдарынын, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин (ЖПБ), жеке ветеринардык кызматтын өкүлдөрү, ошондой эле айыл чарбасында экономикалык ишкердик менен алектенген аялдар тобу менен жолугушууларды өткөрүп, Ак-Өлөң айылындагы Көк-Мойнок ЖПБнын ветеринардык комплексин, Григорьевка айылындагы Садыр-Аке ЖПБнын крематорун, Семеновка айылындагы Сүттү чогултуу жана муздатуу борборун карап чыгышты.

2009-жылдан бери Садыр-Аке Жайыт комитетинин башчысы, ветеринардык врач кесибин 20 жылдан ашуун убакыт аркалап келген Петр Жук Григорьевка айылындагы крематор тууралуу мындай дейт: “Кыргызстанда өлгөн малды жана анын калдыктарын туура утилизациялоо абдан көйгөйлүү маселе болгондуктан, кооптуу ылаңдардын таралып кетүү коркунучу турат. Ошондуктан, биз дал ушул орнотмону сатып берүүнү сурандык. Жабдуунун баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт, анын ичинде 250 миң сомду айыл өкмөтү бөлүп берди, ал эми калган сумманы “Мал чарбасын жана рынокту башкаруу-1” долбоору каржылады. Мындан тышкары, крематорду жайгаштыруучу жайды курууга 300 миң сом сарпталды.

(Крематор – өлгөн малды өтө жогорку температурада (1200 градуска жеткен) өрттөө жолу менен утилизациялоо үчүн орнотмо. Өлгөн мал крематорлордо термикалык жол менен жок кылынгандан кийин зыянсыз күл гана калат).

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду – Бириккен улуттар уюмунун атайын адистештирилген мекемеси. Кыргыз Республикасы ИФАДга 1996-жылы мүчө болуп кирген, бул мезгил аралыгында донор тарабынан жалпы суммасы 72,5 млн АКШ долларын түзгөн беш долбоор каржыланып, бул долбоорлор жарым миллиондон ашуун айылдагы үй чарбаларга жардам көрсөткөн. 1996-жылдан 2011-жылга чейин ИФАД Дүйнөлүк банктын 20,4 млн АКШ долларын түзгөн үч долбоорун кошо каржылап турган. Азыркы учурда ИФАДдын финансылык жардамынын натыйжасында үч долбоор ишке ашырылууда: “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1” жана “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү- 2” (2013 – 2019-жж.), “Рынокторго чыгууну камсыздоо” ( 2018 – 2023-жж.). ИФАД тарабынан 31,5 млн АКШ доллары бөлүнгөн “Мал чарбалардын туруктуулугу” жаңы долбоорунун дизайны иштелип чыгууда. Бул долбоор беш жыл ичинде республиканын бардык аймагында ишке ашырылат. Жаңы долбоор башталышы 2020-жылдын аягында пландалууда.

 

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу