Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 1
1144953 3 2x

Ош облусундагы  дан өсүмдүктөрүнүн үрөн үчүн калтырылган аянттарын талаа инспекциясынан өткөрүүнү башташты

 

2019-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы  айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин кызматкерлери Ош облусундагы  дан өсүмдүктөрүнүн үрөн үчүн калтырылган аянттарын талаа инспекциясынан өткөрүүнү башташты. Талаа Инспекция убагында үрөн алуу үчүн бөлүнгөн аянттар  отоо чөптөрдөн, башка өсүмдүктөрдөн жана дан эгиндеринин башка сортторунан таза болуусу, үрөн өндүрүүнүн атайын агротехникасынын  сакталышы министрликтин атайын түзгөн комиссиясы тарабынан жеринен текшерилүүдө. Комиссиянын курамында аталган департаменттин борбордук аппаратынын, региондук бөлүмдөрүнүн, министрликтин жана илим изилдөө институттарынын кызматкерлери тартылган. Мындан тышкары коррупциялык иштерди алдын алуу максатында департаменттин региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ротациялык негизде облустар биринчиси, экинчи облусту текшерүүдө. Учурда дан эгиндерин жыйноо алдында мындай инспекция Чуй, Ош жана Баткен облусунда жүрүүдө.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу