Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 1
1144953 3 2x

2019-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (Алко Башкармалыгы) 9 миңден ашык бөтөлкө алкоголдук ичимдиктерин мыйзамсыз сатуусуна бөгөт койду.з

 

Мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында министрлик тарабынан алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө жана өндүрүүсунө бөгөт коюу боюнча иштер жасалууда.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен биргелешкен ыкчам˗рейддик жана Кыргыз Республикасынын экономика министирлиги менен макулдашылган пландалбаган текшерүүлөрдүн негизинде 2019˗жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча жалпысынан суммасы 630,9 миң сомду түзгөн 9146 бөтөлкө алкоголдук продукциясы мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

2019˗жылдын 13˗февралында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине №03˗302˗2019˗000013 менен жасалма акциздик маркалар боюнча сотко чейинки териштирүү материалы катталган. Көрсөтүлгөн факт боюнча Алко Башкармалыгы Сокулук жана Москва райондорунун Финансы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте өткөргөн иш аракеттердин жүрүшүндө «КБВЗ» ЖЧКго тиешелүү болгон жасалма акциз маркалары менен 7477 бөт. алкоголдук ичимдиктер кармалгандыгы тууралуу иш иликтенүүдө.

Бардыгы болуп алкоголдук продукциянынын жүгүртүүсү менен алектенген 87 субъект текшерилди, ар кандай бузуулар менен 32, анын ичинен 31 пландалбаган текшерүүлөр, 1 текшерүү биргелешкен иш˗чаралардын негизинде болгон.

Атап айтканда, төмөндөгү бузуулар аныкталган:

  1. жасалма акциздик маркаларды даярдоо, сактоо, өткөрүү жана пайдалануу;
  2. азык˗түлүк товарларын санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен сатуу;
  3. 13˗октябрь 2009-жылдагы N 269 «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» КР мыйзамынын 6˗беренесинин 3˗пункту «Соода эрежелерин бузуу»;
  4. спирт жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, өткөрүү, лицензиясыз (уруксатсыз) соода жүргүзүү.

Укук бузууларды аныктоо үчүн кабыл алынган иш˗чаралар:

Баардыгы 31 ишкерчилик субъектиге жалпы суммасы 257,0 миң сом айып салынган, анын ичинен:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү максатында 1 укук коргоо органдарына жөнөтүлдү, ошол боюнча кылмыш иштери козголгон, материал сотко жөнөтүлдү.
  2. 31 материал боюнча 257,0 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган, мамлекеттик бюджетке 70,5 миң сом өндүрүлгөн.
Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу