Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 10
1144953 3 2x

Министр Эркинбек Чодуев Тогуз-Торо районуна биринчи иш сапары менен барды

 

 2019-жылдын 8-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна биринчи иш сапары менен барды. Иш сапарында Тогуз-Торо районунун аймагында жайгашкан “Чоң Ак-Күп”, “Ак-Талаа”, “Доржу” сугат каналдарын жеринен көрүп, “Атай мамлекеттик үрөн чарбасы” менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө, суу каналдарындагы көйгөйлүү маселелерди Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Айбек Кожошов жана жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте талкуулашып, көйгөйлөрдү чечүүнү Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиевке тапшырды.

Мындан сырткары кайра иштетүүдө иш-аракеттер жүрбөй жаткандыгын баса белгилеп, Тогуз–Торо райондук агрардык башкармалыгынын башчысына тийиштүү чара колдоноорун билдирди, ошондой эле «Атай мамлекеттик үрөн чарбасынын» үлүш жериндеги маселени бир ай убакыт аралыгында чечип берүүгө аракет кыларын айтты Министр Эркинбек Чодуев. Министр Э.Чодуев, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү дыйкан-фермерлер менен жолукту. Жолугушууда, айыл чарба багытында сугат каналдарды калыбына келтирүү, жайыт маселеси, кайра иштетүү жана башка көйгөйлөрдү угуп элдин сунуштарын талкуулашты.

 “Мен айыл чарба министри болуп дайындалган күндөн тартып, биринчи иш-сапарымды алыскы тоолуу Тогуз-Торо районунан баштадым”. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. “Айыл аймактардын, элдин көйгөйлөрү менен жеринен таанышып, маселени жеринен чечүү бул менен биринчи милдетим. Алдыда мындан башка дагы аймактарды кыдыруу, айыл чарба багытында көйгөйлөр менен жеринен таанышуу, чечүүнү пландап жатам”- деди министр Э.Чодуев.

 “Биздин район борбордон алыс жолу татаал болгондуктан 12-жылдан бери айыл чарба министрлери кабар алып келген жок. Министр сизге, жалпы райондун элдеринин жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем- деди аким Айбек Кожошов.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу