Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 7
1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,

тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
2019-жылдын 1-кварталынын  жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрдү.

 

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,  тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары,  бөлүм башчылар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышышты.

 

Күн тартибинде 4 орчундуу маселе каралды;

  1. Айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарындагы аткарылып жаткан иштер боюнча (кооператив, логистика, мал союучу жайлар, ж.б.), райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын ишмердүүлүгү жөнүндө.
  2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана анын алдындагы мекеме уюмдарынада, аймактык түзүмдөрүндө 2017-жыл ичинде бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануусунун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу.
  3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден баштап аткарылган иш-чаралардын жыйынтыктары жана кийинки милдеттери жөнүндө.
  4. Ар кандай маселелер.

Министрдин орун басары Ж.Керималиевдин, статс-катчы М.Ташболотовдун жана ЕЭББ боюнча иш алып барган бөлүмдүн башчысы  Н.Давлетовдун докладынан кийин коллегиянын чечими;

Биринчи пункт боюнча; Коюлган иш пландарды толук аткарбагандыгы үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын бардык  башчыларына сөгүш жарыяланса, борбордук аппараттын бөлүм башчысы А.Беккулиевага, Н.Муллакелдиевге жана А.Ботоевге катуу эскертүү берилди.

Экинчи пункт боюнча; КРнын Эсептөө палатасынын жазма буйругундагы эскертүүлөр боюнча тез арада кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып баруу.

Үчүнчү пункт боюнча; ЕЭББ менен иш алып баруу натыйжалуу эмес деп эсептелип, бөлүм башчы   Н.Давлетовго эскертүү берилди.

«ЕЭББ – бул биздин келечегибиз, ата-мекендик өндүрүштү чет өлкөгө алып чыгууга  болгон күч аракетибизди жумшаш керекпиз. Биздин жакынкы аралыктагы биринчи аткарылуучу иш  - бул экспорттун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн өбөлгө түзүү жана айыл чарбасынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү» -  деп белгиледи Э.Чодуев коллегиянын жыйынтыгында.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу