Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 24
1144953 3 2x

Мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын

вегетация мезгилине даярдоо боюнча 2019-жылдын 24-апрелине карата

М А А Л Ы М А Т

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4 млн.сом каралып, 2019-жылдын 22-апрелине карата 174,5 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 178,4 млн.сомдук план-тапшырманын 98 % түздү.

- 381,0 км каналдар оңдолуп, план боюнча 385,7 км, же 99 %; 

- 517,3 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 529,9 км же 99 %; 

- 1117 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1131 же 99%;

-1103 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1117 же 99%;  

- 98 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 100, же 98%;

- 15 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15, же 100%;

            Баардыгы болуп суу чарба курулуштарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 63 даана ар түрдүү экскаваторлор, 25 даана бульдозер, 29 даана тракторлор, 15 даана автокран, 94 даана автомашина, 28 даана фронталдык жүктөгүч жана 2287 адам иштеп жатат.

            Суу чарба объектилерин 2019-жылдын вегетация мезгилине даярдоо план-графикке ылайык:

- Орто-Токой, Папан, Киров жана Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычтары, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустары 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча план- графигине ылайык сугат суу берүүгө даяр.

- Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча БСЧБнын башкармалыгы 2019-жылдын 1-майына карата бүткөрүлөт.

2019-жылдын сугат мезгилине ички чарбалык ирригациялык тармактарды даярдоого жергиликтүү бийлик органдары тарабынан пландар бекитилип берилди. Бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын абалы төмөнкүчө:

Ички чарбалык сугат тармактарынын жалпы узундугу 18 215 км түзөт, анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы – 7136 км, аткарылганы 6392,6 км же 90%.

-Каналдарды механикалык тазалоонун планы – 1824 км, аткарылганы – 1846,5 км же 101 %.

-Каналдарды оңдоодон өткөрүү план боюнча-480,3 км, аткарылганы -462,9 км же 96 %.

-Каналдарды кол күчү менен жана «Ашар» ыкмасы менен тазалоо планы – 4831,8 км, аткарылганы –4083,2 км же 85 %.

-Суу өлчөгүчтөрдүн саны 1105 даана болсо, анын ичинен оңдоло турганы план боюнча – 272 даана, аткарылганы – 209 даана же 77%.

-Гидротехникалык курулмалардын саны 19740 даана болсо, оңдоло турганы план боюнча – 3090 даана, аткарылганы – 2553 даана же 83 %.

СПАлардын каналдарын жана каналдарга тиешелүү болгон курулмаларын 2019-жылдын сугат мезгилине чейинки оңдоого жана тазалоого СПАлар тарабынан пландуу болжол боюнча 76 948 миң сом акча каражаты бекитилип, бүгүнкү күнгө өздөштүрүлүп, аткарылганы 62731,6 миӊ сом же 82%.

Баардыгы болуп ички чарбалык сугат тармактарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 286 даана ар түрдүү экскаваторлор, 149 даана тракторлор, 283 даана автомашина жана 22685 адам иштеп жатат.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу