Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 12

Талас облусунда дыйкандарга биопрепараттар тууралуу окутуулар өткөрүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун  Талас регионалдык биофабрикасы 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарында биокаражаттарды пайдалануу боюнча 2019-жылдын 15-январынан 29-январына чейин Талас облусунун Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун 19 айыл аймагында окууларды өткөрүштү.

Бакай-Ата районунун 9 айыл аймагында, Кара-Буура районунун 10 айыл өкмөтүндө окутууулар өткөрүлдү.

Дыйкандарга органикалык айыл чарбасынын мааниси, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү, органикалык айыл чарба технологиялары жана Талас регионалдык биофабрикасында өндүрүлгөн биопрепараттар тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ар бир айыл аймактан дыйкан-фермерлер катышып, дыйкандар айыл чарба багытында керектүү маалыматтарды алышты.

Ал эми 2019-жылдын 15-февралынан баштап Талас жана Манас райондорунда окуулар улантылат.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу