Маанилүү жаңылык

Ош шаарында регионалдык конференция өткөрүлдү

2019-жылдын 28-ноябрында  Ош шаарында “Абад” коомдук фонду менен ЕККУ (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму) биргеликте “Жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу” темадагы регионалдык конференция өткөрүлдү.

Конференциянын ишине Кооперация, лизинг жана жаңы технологиялар секторунун башчысы А.Сагынбаев жана Жер жана суу ресурстары бөлүмүнүн адисинин м.а Р.Сагыналиев катышып, Мамлекеттик жер ресурстарын , атап айтканда айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруудагы мамлекеттик саясат, темасында презентация жасашты жана суроолорго жооп беришти. Ошондой эле Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Н.Алимбеков катышты.

Показать текст
Close