Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык аяк оона айынын 9
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Аравандын Төө-Моюн айыл аймагында тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмөлүү бак отургузулган 

 Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында ОсОО “Агрокомплекс” бакчылык (мөмө-жемиш) чарбасы 2017-жылы түзүлүп, суу жетпеген 183 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмөлүү бак отургузган.

Сулайманова Чынара жетектеген чарбанын жалпы айдоо аянты 191 гектарды (га) түзүп, бүгүнкү күндө анын 183 га аянтына 82 миң даана бактардын көчөттөрүнөн  отургузулган. Негизинен бактардын көчөттөрү ошол Төө-Моюн айыл аймагынын шартына туура келе турган болуп тандалып алынган. Атап айтканда  негизинен 40 миң даана түп эрте бышар кокон гилас, 40 миң даанасы шабдалы, 500 даанасы алма жана 500 даана өрүк туп эгилген.  Учурда негизинен баардыгы көктөп ээн талааны көрккө бөлөп жатат.

Жогорудагы бакты сугаруу үчүн сугат сууну 6 километр аралыктан насос менен алып келип 50 тонналык цистерналарга  топтоп анадан ары көчөттөргө тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугарат. Азыркы мезгилде 12 адамар иш менен камсыз болушуп эмгектенип жатышат.

Ал эми тамчылатып сугаруу системасына керек болгон электр энергиясын тартып келүү үчүн ОсОО “Агрокомплекс” ишканасы (Сулайманова Чынара)100 даана столбаларды жана трансформатор орноткон.

РАӨБдүн жетекчиси П.Кочкоров  жеринен барып, көрүп бактардын өсүү фазасы бүгүнкү күндө жакшы экендигин айтып, бул ургалдуу багбанчылыкка кызыккан фермерлер үчүн демонстрациялык участок катары практикалык жактан көрсөтүү үчүн келечекте семинар окууларды уюштурууну мерчемдеп жатат.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу