Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык аяк оона айынын 9
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Куйруктуу эт-май багытындагы койлордун I-республикалык көргөзмөcү өттү

 

2019-жылдын 8-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын аймагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте Кыргыз кой өстүрүүчүлөр коомдук бирикмеси куйруктуу эт-май багытындагы койлордун I- республикалык көргөзмөcүн өткөрдү.

Көргөзмөгө Көргөзмөгө Кыргыз кой өстүрүүчүлөр коомдук бирикмесинин төрагасы М. Сатыбеков,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев жана Жогорку Кенештин депутаты К. Бокоев, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери катышты.

Мындан сырткары Казакстан Республикасынан гиссар койун өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы А.Рустемов баштаган чоң топ фермерлер көргөзмөгө катышты.

Министр Э. Чодуев өз сөзүндө, Айыл чарбасын асылдандыруу учурдун талабы, чарбаларды сандан сапатка өткөрүү боюнча министрликте да бир топ аракеттерди жүргүзүп жатабыз,- деди ал.

Өткөрүлгөн сынакка (эсепке алынган мындай көрсөткүчтөр катары тиби, экстерьер баалоо, бийиктиги холк, салмагы) арасында ар кандай жыныс-курактагы топтордогу койлор коюулду, ошондой эле сынакта утуп алгандарга баалуу белектер, медалдар жана сыйлоо кубоктору тапшырылды.

Биринчи республикалык куйруктуу койлордун көргөзмөсү жогорку деңгээлде өттү, мындай иш-чараларды Кыргызстанда жана Казакстанда жыл сайын өткөрүү  сунуштар айтылды.

Мындан сырткары айыл чарба адистери жана фермерлер койду багуунун сырларын, илдеттерден алдын алуу боюнча презентацияларын айтышты.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу