Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 12

Талас облусунда дыйкандарга биопрепараттар тууралуу окутуулар өткөрүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун  Талас регионалдык биофабрикасы 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарында биокаражаттарды пайдалануу боюнча 2019-жылдын 15-январынан 29-январына чейин Талас облусунун Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун 19 айыл аймагында окууларды өткөрүштү.

Бакай-Ата районунун 9 айыл аймагында, Кара-Буура районунун 10 айыл өкмөтүндө окутууулар өткөрүлдү.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 11

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландар - бирдиктүү форматында жазулууда

 

«Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоордун негизги аракеттеринин бири болуп «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландын» бирдиктүү форматын орто мөөнөттүк жана бир жылдык мезгилдерге иштеп чыгуу болду. Долбоор Талас жана Чуй облустарды камтыйт, жана 2015-2019-жылдар аралыгында ишке ашырылып келет.

«Аталган План жайыт пайдалануучулар бирикмелердин иш-чараларды туура пландоого, жаратылыш ресурстарын аяр колдонууга көмөктөшөт.

«Алгач (2016-жылы) пландар жаңы формат боюнча 16 пилоттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин базасында түзүлгөн. Долбоордун кийинки жылдарында пландар Чүй, Талас облустарынын бардык 140 бирикмесинде түзүлүп, Райондук агрардык өнүгүү башкармалыктарынын колдоосун таап, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 8

Айыл чарба министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгына карата коллегасы өткөрүлдү

2019-жылдын 5-февралында  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгына карата коллегасы өткөрүлдү.
Коллегада министрликтин айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата милдеттери ошондой эле  министрликтин 2019-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө маслеллер каралды.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Жээналиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев, министрликтин жетекчилери, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 7

Республикада 2019-жылга карата жазгы талаа иштеринин даярдыгы тууралуу

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-февралында кабыл алынган № 10-б буйругу кабыл алынды. Аталган буйруктун негизинде 2019-жылдын түшүмүнө сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өтүүдө.
Быйылкы жылы  региондор боюнча адистештирүүгө  өзгөчө көңүл бөлүнөт.       
Быйылкы жылы  региондор боюнча адисдештирүүдө,  ар бир региондогу  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, ошол региондогу рентабелдүү көп киреше берүүчү жана экспортко багытталган  өсүмдүктүн түрлөрүн өстүргөнгө дыйкан-фермерлерге сунуштап жатабыз.
2019-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн  жалпы аянты 1219,4 миң га түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 миң га кеңейиши болжолдонууда.
Дан өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты орточо 620 миң га деңгээлинде калууда, же жалпы себүү аянтына карата 51,1 % түзөт. Быйылкы жылы баардык дан эгиндеринин себүү аянттары 623,0 миң га түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 6,3 миң га аз күтүлүүдө.  Ошону менен бирге бул мөөнөттүн ичинде кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарында өзгөрүүлөр болду.
Алсак, буудайдын себүү аянты 2016-жылы 270,4 миң га аянттан 2018-жылы 253,8 миң га, же 16,6 миң га аянттка чейин кыскарган, 2019-жылы түшүмдүүлүгү төмөн болгон тоолуу аймактардын эсебинен аштык буудайдын айдоо аянты 12,3 миң гектарга  азайып, жалпы 241,5 миң га болжолдонууда.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 6

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда экспорт маселесинде эч кандай чектөө жок

Кыргыз Республикасынан Айыл чарба тамак аш, өнөр жайы жана мелиорция министрлиги тарабынан Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча бир канча ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө 73 Өзбекистандын экспортточуу субъектилерине 145 миң тонна картошкага квота каралгандыгын Өзбек тарап билдирген.

2018-жылдын 2-ноябрында Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзбекистандагы Элчилигинде өзбек тараптын ишкерлери жана кыргыз тараптардын картошка өндүрүүчүлөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз тараптан сунушталган картошканын баасы Өзбек тарапка туура келбегендиги айтылган. Бүгүнкү күндө Өзбекстанга картошканы экспортоодо эч кандай тоскоолдук жок экендигин билдиришүүдө.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 5

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун ишке ашыруу башталды

 

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун ишке ашыруу башталды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору Кыргыз Республикасынын ишкердик  субъекттерине жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү – 60 айга чейин, ал 2019-жылдын февралында иштеп баштайт.

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]   ...   17   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу