Новость 8 июля

Жайыт департаментинин 2016- жылдын жарым жылдыгында
жасаган иш аракети
2016-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  19-июнунда № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Ченемдик укуктук актыларын реформалоо боюнча
1. 2016-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүү киргизүү Долбоору иштелип чыкты: “Жайыттар жөнүндө”  жана “Өз алдынча башкаруу органдары”, Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин сайтына жайгаштыруу иштери, коомдук талкууга жана министрестволордун, ведомстволордун арасында макулдашуу иштери жүрүп, кем жерин иштеп чыгуу мөөнөтүндө.
2. “2009 жылдын 19-июнь айындагы,№386чы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду киргизүү” долбоору 2016-жылдын 7-июнунда №307 кабыл алынып, күчүнө кирди.
3. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү тууралуу типтүү келишимдин” долбоору иштелип чыгып, кароо мөөнөтүндө.
4. Жайыт комитеттеринин иш аракеттерин түзүү жана уюштуруу жобосунун долбоору иштелип чыгылып, кем жерин иштеп чыгуу мөөнөтүндө.

Жайыт чек араларын аныктоо иштери жөнүндө
Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2009-жылдын    19-июнундагы № 386  Кыргыз  Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү”  мыйзамды  ишке  ашыруу  боюнча  токтомуна ылайык көмөкчү топтун адиси тарабынан жоопкерчилиги чектелген коомдор тарабынан даярдалган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарынын аймагын аныктоо жана чек араларын белгилөө боюнча материалдар тизмеге ылайык жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кароосуна даярдалды жана республикадагы жайыт жерлерди инвентаризациялоо максатта, жайыттарды инвентаризациялоонун тартибин аныктаган Методикалык колдонмо иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырма даяр. Азыркы күнү 441 айыл аймактын жайыттарынын тышкы чек аралары белгиленип, райондук мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан алдын ала каттоодон өттү жана 9 айыл аймактын жайыттарынын тышкы  чек аралары мамлекеттик алдын ала каттоодон өтө элек. Булар төмөндөгүлөр: Үч айылдык аймакта (Мин-Куш-Жумгал району, Могол-Базар-Коргон району, Каджы-Сай-Тоң району) жергиликтүү  кеңештин депутаттары кадастрдык жумуштарды жүргүзбөөгө чечим кабыл алышкан. Бир айылдык аймакта (Достук-Нарын району) жайытынын жоктугуна байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайыттарынын аймагын аныктоо жана чек араларын белгилөөнүү жүргүзүшкөн эмес.Жайыт мыйзамын жоболору жана башка тийиштүү укук актылары тууралуу жана жайыттын чек араларын тактоо боюнча түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлдү.

Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.  2016-жылы 26-январда өткөрүлгөн тегерек столдо жалпыга массалык маалымат берүү өкүлдөрү катышып, жалпы кыргыз элине  телевидение, радио аркалуу маалымат берилди темасы: “Кыргыз Республикасынын менчигиндеги жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу”.Ошондой эле, департаменттин адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1 жана 2”  Долбоорунун алкагында уюштурулган иштер жөнүндө
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1”долбоору өз ишин улантып жатат. Долбоор башталган күндөн тарта өзүнө коюлган милдеттерди так аткарып келүүдө. Алып айтсак бул Жайыт департаментиндеги жайыт реформасын жүргүзүдөөгү көмөкчү топ жана Айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат корсөтүү долбоорунун, жайытты башкаруу жана жакшыртуу компонентине кабыл алынган жаш адистер. Бул адистер Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Иссык-Көл облустарында иш алып баратышат. Семинарлар менен тренингдер өткөрүлүп жатат. Алып айтсак бул 2016-жылдын 26-январында өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын менчигиндеги жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу”-темасындагы тегерек стол.
Ушул тегерек столдун жыйынтыгы менен “Кыргыз Республикасынын менчигиндеги жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу” багытында Жайыт департаменти ченемдикукуктук актыларын реформалоо жүргүзүүдө, алып айтсак, булар төмөндөгүлөр: Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүү киргизүү Долбоору иштелип чыкты:
“Жайыт мыйзамы” жана “Өз алдынча башкаруу органдары”,  “2009-жылдын 19- июнь айындагы, №386чы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду киргизүү” долбоору, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү туралуу типтүү келишимдин” долбоору,  Жайыт комитеттеринин иш аракеттерин түзүү жана уюштуруу жобосунун долбоору.
Ошондой эле, Жайыт департаментинин адистери тарабынан  тегерек столдор, семинар иш-чаралары уюштурулду,  Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-караган отоо чөбүн жок кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде 12-майда саат 15:00дө тегерек стол өткөрүлдү.  2016-жылдын 13-июнунда саат 8:00дө Суусамыр өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин депутаттарынын катышуусу менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, алтыгана-караганды азайтуу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү. Көчмө жыйында алтыгана-караганды механикалык жол менен жок кылуу ыкмасын Жайыт департаменти демонстрациялап көрсөтүп берди. Жыйындын катышуучулары активдүү катышып, бүгүнкү күндөгү болуп жаткан жайыт маселелери боюнча комитеттин депутаттарына билдиришип, кызуу талкууда өткөрүлдү. Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-караганды  жок кылуу үчүн, химиялык, техникалык жана өрттөө ыкмаларын  колдонуп  эксперимент кылуу чечими кабыл алынып, эксперимент участкаларын аныктоо жана  каражаттар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүүлөргө тапшырмалар берилди.
Кошумчалай кетсек, Департаменттин ГИС лабораториясынын адиси Нарын облусунун райондорунда ГИС, GPRS жана Google earth программалары боюнча атайын окутуучу тренинг өткөрүлдү.
         Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин өрөөнүндө 17 гектар жайыт аянтына эспарцет себилип, маданий жайыт уюштурулду.

Жайыт комитеттерде  өткөрүлгөн отчеттук  жыйындар жөнүндө
2016-жылдын январь-март-апрель айларында  республиканын 454 жайыт комитеттеринин төрагалары 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча    отчетторун  бериштиОтчеттук жыйындарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук акимдер, кызыктар мекемелердин, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери жана Жайыт департаментинин облустардагы регионалдык адистеринин катышуусу менен жылдык отчеттор өтүп, 61 жайыт комитеттин төрагалары жаңыдан шайланды, анын ичинен 61 жайыт камитеттердин иши канагаттандырарлык эмес деп табылды, ал эми 43 жайыт комитеттердин төрагалары башка ишке которулгандыгына байланыштуу өз арыздарын жазып беришти. Республика боюнча 388 жайыт комитеттеринин төрагаларынын 2015-жылы жасаган иштери    канааттандырарлык   деп, алар өз  ордуларына кайрадан шайланышты (№1-таблица).
1-таблица


 

Облустардын аттары.

 

ЖК саны

Отчеттук чогулуштардын  чечими

Канааттан-дырарлык
деп
кайра шайланган

Башка жумуш. өткөнүнө ж/а  өз калоосу м/н кеткен.

Канааттандырарлык эмес

Жаңыдан шайланган ЖК  төрагалары

1

Баткен

34

34

-

-

-

2

Жалал-Абат

66

61

5

5

14

3

Нарын

63

55

3

8

10

4

Ысык-Көл

58

47

8

11

9

5

Ош

88

86

17

2

18

6

Талас

37

35

2

2

2

7

Чүй

103

70

8

33

8

Республика боюнча

449

388

43

61

61

Жайыт пайдалануучулардан топтолгон каражат боюнча

2016-жылда республика боюнча жайытка чыгарыла турган мал башы: 1.076.990 ири мүйүздүү мал, 4.690.442 баш кой-эчки, 1.472.225 баш жылкы жана 39.400 баш топоз жайлоого чыгарылды (2-таблица).
2-таблица

 

Облустардын
аталышы

Мал башы

ИММ

МММ

Жылкы

Топоз

1

Баткен

15.729

66.212

606

 

2

Жалал-Абад

29.7000

1.230.000

59.500

 

3

Нарын

117.700

1.030.417

12.12000

38.800

4

Ош

12.1000

50.2000

32.000

 

5

Талас

61.430

472.906

27.557

600

6

Ысык-Көл

191.709

763.814

80.345

 

7

Чүй

272.422

625.093

60.217

 

 

Республика боюнча

1.076.990

4.690.442

1.472.225

39.400

2016-жылдын январь-июнь айларында республика боюнча жайыт пайдалануучулардан  32.395.346 сом каражат топтолду. Өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу жайыт акы 1.087.148 сомго көп жыйналды (3-таблица).
                               3-таблица                                                                                                                                                


Облустардын аталышы

Жайыттан түшкөн жайыт акы

2015-ж.

2016-ж.

2015-ж. салыштырмалуу, %

1

Баткен облусу

2.683.000

3.443.463

129

2

Жалал-Абат облусу

1.435.500

4.218.100

293

3

Нарын облусу

5.072.840

2.224.650

44

4

Ысык-Көл облусу

4.013.300

4.502.349

112

5

Ош облусу

7.988.000

9.118.000

114

6

Талас облусу

3.151.000

3.183.535

101

7

Чүй облусу

6.964.558

5.705.249

82

Республика боюнча

31.308.198

32.395.346

104

Республика боюнча чогулган жалпы жайыт акыларынан жер салыгына Баткен облусу 359.595 сом,  Жалал-Абад облусу 2.512.700 сом, Нарын облусу 1.264.297 сом, Ош облусу 1.398.100 сом, Талас облусу 302.529 сом, Ысык-Көл облусу 1.462.784 сом жана Чүй облусу 1.080.940 сом каражат жер салыгына төлөндү.
Жайыттардын инфраструктураларын жакшыртуу иш-чаралары жөнүндө
Баткен облусу боюнча жалпы инфраструктурага 613.328 сом каражат жумшалып, 41,5 км чакырым мал айдап өтүүчү жол, 16 мал суу ичүүчү жай, 5 даана көпүрө жана 2 даана каптаж оңдолуп түзөтүлдү.
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 1.645.000 сом каражат жумшалып, 223 км чакырым жол, 23 даана көпүрөлөр жана 24 каптаждар оңдолуп түзөтүлдү.
Нарын облусу боюнча жалпы инфраструктурага 4.142.519 сом каражат жумшалып, 63 км чакырым жол, 15 даана көпүрөлөр, 16 даана каптаж жана 5 даана суу ичүүчү жай оңдолуп, кайра калыбына келтирилди.
Ош облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 2.234.900 сом каражат жумшалып, 251 км чакырым жол, 1 көпүрө курулуп, 13 көпүрөлөр калыбына келтирилди, 17 мал суу ичүүчү жайлар калыбына келтирилди жана мындан башка дагы 2 башка объектилер оңолуп жакшыртылды.
Талас облусу боюнча жалпы инфраструктурага 576 миң сом каражат бөлүнүп, 125 км чакырым жол, 9 көпүрөлөр жана 1 каптаж кайра калыбына келтирилди.
Ысык-Көл облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 685.200 сом каражат бөлүнүп, 26 км чакырым жол, 8 даана көпүрөлөр оңдотулуп түзөтүлдү.
Чүй облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 797.057 Каражат жумшалып, 85,7 км чакырым жол, 2 көпүрө жана 2 каптаж оңолуп түзөлдү.
Корреспонденциялар боюнча
2016-жылдын январь-июнь айларында  Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөттүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министирликтерден, мекемелерден, облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 414 кат келип түштү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынан-14,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-32,  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен-178, облустардан-58, мекемелерден-82, айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү-50 кат келип түштү. . Келген каттарга Департаменттин адистери   Кыргыз  Республикасынын2007-жылдын 4-майындагы № 67чи «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык,өз убагында жооп берип жатышат.

 

Корутунду жана сунуштар
Кыргыз Республикасында жайыттардын маанилүүлүгү жайыт пайдалануучулардын жайытка кайдыгер карабай азыркы күндө болуп жаткан жайыт маселелерин көтөрүп, жайыттардын баалуулугун түшүнүү менен жасаган иш аракеттери айгинелеп турат. Жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин мындан ары  потенциалын күчөтүү жана алардын ишине көмөк көрсөтүү зарылчылыгын жер-жерлерде өткөрүлгөн жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин жыйындарында белгиленүүдө. Жыйындарда көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө жана жайыттарды мындан ары Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү”мыйзамынын алкагында терең реформалоо үчүн төмөнкүдөй багыттарда иш жүргүзүү зарыл:
-Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында жайыттарды жамааттык башкаруунун укуктук негизинде, жайыт пайдалануучуларга активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана  жайыт комитеттерге ар тараптан колдоо жана жардам көрсөтүү иштери Жайыт департаменти тарабынан улантылсын;
-Жайыт инфраструктураларын жакшыртууда жайыт акысынан топтолгон каражатты эффективдүү пайдаланууну мындан ары күчөтүү жайыт пайдалануучулар уюмуна, жайыт комитеттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырына милдеттендирилсин;
-Жайыт реформасын терең  жүрүшүн  жайыт пайдалануучуларды тааныштыруу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен активдүү үгүттөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Жайыт департаментине тапшырылсын;
-Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамдын алкагында жайытты  жакшыртуу, башкаруу жана жайыт инфраструктурасын калыбына келтирүүдө жүрүп жаткан иштер боюнча буклеттерди, бюлетендерди, брошюраларды жана жолдомолорду чыгарууну күчөтүүнү Жайыт департаменти уюштурсун.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок