Новость 04 июля
1144953 3 2x

Инвесторлор сөздөн ишке!
2-июль ишемби күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Кытай эл Республикасынын Үрүмчү шаарынан келген ишкерлер тобунун делегациясын кабыл алды. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө, тармактагы өндүрүштө алдынкы технологияларды пайдаланууга, жаңы сортторду тажырыйбалоого Кытай ишкерлери кызыктар экендиктерин айтышты. Андан сырткары логистикалык борборлорду курууда муздаткычтар менен да камсыз кылаарын белгилешти. Өз кезегинде министр Турдуназир Бекбоев буга чейин бир катар Кытай ишкерлери менен жолуккандыгын, тилекке каршы Кыргыз өкмөтү жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан зарыл болгон шарттар түзүлгөнү менен инвесторлор ишин кечеңдетип жатканы кабарланды. “Биз сөздөн ишке өтчү мезгил келди. Бул маселеде баардыгыбыз бир пикирдебиз деген ойдомун. Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы жакында эле Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарында эки тараптан чечилбес маселелер болбостугун билдирди”-деди, министр Т. Бекбоев.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок