Новость 13 июня
1144953 3 2x

Республика боюнча жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыздалышы жана зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү боюнча маалымат

2016-жылдын жазгы талаа жумуштарына республика боюнча айдоо аянттарына керектелүүчү азоттук минералдык жер семирткичтердин көлөмү 200,0 мин тоннаны түзөт.
Республикага 2016-жылдын 10-июнга карата 67,9 миң тонна жер семирткичтер алынып келген, камсыздуулук 33,95 % түзөт. 
Азыркы учурда жеке менчик фирмалар жазгы талаа жумуштарына керектүү жер семирткичтерин - аммиак селитрасын,карбамидди жана аммофосту - республиканын түндүгүнө Кара-Балта, Шопоков,Бишкек шаарларына - Россиядан ААК “СДС Азот”, жана Казакстандан ТОО “КазАзот” , “КазФосфат” заводдорунан, алып келет.
Бишкек, Кара-Балта, Шопоков жана Ош шаарлары - жер семирткичтердин негизги ташып келуу пункттары болуп саналат, жана ал жактан республиканын башка аймактарына тарайт. Айта кетсек, МЖСти жугуртуу чек-арадагы соода менен да толукталат (Талас жана туштук облустары).
Мамлекеттик материалдык резерв фонду  аркылуу бардыгы болгону 15246 тонна жер семирткичтер түштүк регионуна алынып келинген. Азыркы убакытта минералдык жер семирткичтерди сатууну Өзбекстан тарап белгисиз себептер менен ММРФке жана жеке фирмаларга мурда түзүлгөн контрагына карабай токтотушту. Ушуга байланыштуу минералдык жер семирткичтерди Өзбекстан алып келүү убактылуу токтоду.
Азыркы учурда, ЖЧК “АкСууТрейд” жана ЖЧК “Негоциант” ж.б. фирмалар жер семирткичтерди Россиядан алып келишип жатат.
Минералдык жер семирткичтер, Мамлекеттик материалдык резерв фонду берген маалымат боюнчатуштуктөн түндүккө -1350 тонна автотранспорт менен жеткирилген. Анын ичинен 10.06.2016 ж. – 515,4 тоннасы  сатылды.
Жалал-Абад обл. (ОАО «Азрат-Айыб»), Баткен обл.(АО «Дан») жанаОш обл. (АО «Кара-Суу-Дан-Азык») –Өзбекстандан (ММРФ аркылуу) келип түшкөн жер семирткичтердин бардык көлөмдөрү сатылды.
Республика боюнча 2016-жылдын  10-июнга карата күздүк дан эгиндердин азоттук жер семирткичтер менен азыктындырылган аянт – 123 мин түздү,  пландын 88 %.
2016-жылга карата пестициддерге болгон керектөө эсеби. 2016-жылга каратапестициддерге болгон керектөө эсеби – 558,5 тоннаны түзсө, 10-июнга карата 408,9 тонна базалардын жана чарбалардын складдарында бар, же б. а. камсыздуулук73,2 %ди түздү.
Анын ичинен үрөн ууландыргычтарга керектөө – 43,48 тонна, камсыздуулук – 33,64 тонна, же 77,4 %, гербициддерге керектөө - 296,1 тонна, камсыздуулук – 182,4 тонна, же 61,6 %, инсектициддерге керектөө – 163,8 тонна, камсыздуулук – 142,1 тонна, же 86,7 %, фунгициддерге болгон керектөө – 55,2 тонна, камсыздуулук – 50,8 тонна, же 92,1 % (2 - тиркеме).
Жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүнүн ууландыруу планы республика боюнча 46,0 миң тонна үрөн болсо, бүгүнкү күнгө карата 34,6 миң тонна үрөн ууландырылды, же б.а. пландан 75 %ин түздү. (3, 4- тиркеме).
Отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүүлөр150761 гектарда жүргүзүлүп, а. и. күздүк кылкандуу дан эгиндеринде - 64886 га, жаздык кылкандуу дан эгиндеринде – 31254 га, жашылча-жемиштерде -7732 га, кант кызылчасында - 3149, көп жылдык чөптөрдө -10 га картошкада – 4433 га, жүгөрү - 23534 га. чанактуу дан эгиндери -13057 га.(5 - тиркеме).
Зыянкечтер жана илдеттерге каршы химиялык иштетүүлөр бүгүнкү күнгө карата 104455 гектарда жүргүзүлүп, а. и. мөмөлүү бактар гүлдөгөнгө чейин – 13145 га жана гүлдөгөндөн кийин 14860 гектарда, жашылча-жемиштерде-12394 га, көп жылдык чөптөрдө – 27616 га, дан эгиндеринде – 16540 га, картошкада – 12657 га, бахча – 2884га, май берүүчү өсүмдүктөрдө - 140 га, жүзүм-118 га,пахта-1740 га, төө буурчак -601 га. (6 - тиркеме).
Жаан-чачындын көп жаашы жана нымдуулуктун көп болушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар-кандай илдеттеринин (анын ичинен дат (ржавчина), жалган ак кебер (ложная мучнистая роса) ж. б.) көбөйүүсүнө жана кеңири таркалуусуна алып келет. Аталган шарттарды эске алып, ДХЗРдин район жана облустагы адистери кеңири масштабдуу изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Бүгүнкү күнгө ташып келүүчү фирмалар тарабынан фунгициддер республика боюнча жетиштүү өлчөмдө ташылып келинген, жана баалары 1 литр/кг – 600-800 сомду түзөт (же башкача айтканда 1 гектарга орточо 300-500 сомдун дарысы сарпталат).
Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү чаралары боюнча маалымат.
Республика боюнчазыяндуу чегирткелерге изилдөө51111 гектарда жүргүзүлүп анын ичинен химиялык иштетүүгө жатат деп табылган аянт39411 гектарды түздү. Бүгүнкү күндө 33671гааянт микронерлер(4) тракторлор (5) жана учактар (1) менен иштетилди.
Жалалабад облусу боюнчаизилденгени -35917 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 27901га, иштетилгени – 27441 га (микронерлер менен - 23651га, тракторлор менен-3790 га).
- Аксы району боюнчаизилденгени - 25010 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы– 18300 га, иштетилгени – 17840 га (14050 га – микронерлер,3790га - тракторлор менен).
- Ноокен району боюнча изилденгени - 9987 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 9071 га, жана 9071га микронер менен иштетилди.
- Өткөн апталарда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунун аймагында зыяндуу чегирткелердин массалык тобунун жайыттарга зыян келтирип жатканы байкалган. ДХЗРдин Жалал-Абад облусу боюнча адистери жерине барып, изилдөө иштерин жүргүзүшүп, 530 гектар аянтта бар экенин табышкан. Аталган зыянкечти так аныктоо үчүн ДХЗРге келген үлгүлөр анализден өткөрүлүп, Канатсыз, же жөө кобылка (Бескрылая, или пешая кобылка) экени аныкталган. Азыркы убактагы тынбай жааган жаан-чачындардан улам, аталган айылдын адырлуу жерлерине техниканын чыгышы оор экенин эске алып, химиялык иштетүүлөрдү жаан-чачындар токтоп жана жер тоборсугандан кийин жүргүзүү керектиги максатка ылайыктуу. Ошонун негизинде 920 га изилденип,анын ичинен 530 га химиялык иштетүүгө жатат деп табылып ошол 530 га жердин баардыгына химиялык иштетүүлөр жүрдү.
Баткен облусу боюнчаизилденгени - 5794 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 4910 га, микронер менен иштетилгени - 4630 га.
- Баткен району боюнчаизилденгени - 1150 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылган - 1000 га, жана 1000 га микронер менен иштетилди.
- Лейлек району боюча изилденгени - 4644 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы -3910 га, микронер менен - 3630 га иштетилди.
Ош облусу боюнчаизилденгени - 9400 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 6600 га, микронер менен - 600 га жана учак менен 1000 га. иштетилди.
- Араван району боюнча изилденгени - 6800 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы -4300 га, микронер менен - 600 га жана учак менен 1000 га иштетилди.
Бүгүнкү күнгө карата баардык техникалар оң абалда, ГСМ жана пестициддер менен камсыз болгон.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок