Мин.сел.хоз.
Новость 9 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

 2018-жылдын  9-июлуна карата  КР  айыл чарба субьектилеринде айыл чарба талаа жумуштарынын себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө технологиялардын сакталышы, оруп жыйноо жумуштарына  даярдык жана анын  жүрүшү боюнча маалымат

Республика боюнча 2018-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы себүү аянты  1214,9 миң га түзүп,  2017-жылга караганда 8,3 миң га көп болду. Акыркы  5-жылда  пайдаланылбаган айдоо аянттары 110 миң гектардан  67,3 миң га чейин, же 42,7 миң га азайган.
Бүгүнкү күндө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  аянттарында өсүмдүктөргө вегетациялык сугаруу менен  катар аралык иштетүүдө өзгөчө кант кызылчасына жана пахтага акцент жасалып, вегетациялык сугаруулар жүрүүдө. Ошондой эле зыянкечтерге, ооруларга жана отоо чөптөргө,  өзгөчө зыяндуу чегирткеге  жана америкалык ак көпөлөккө каршы күрөшүү боюнча агротехникалык иштер кеңири жүргүзүлүүдө.
1.Айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетациялык сугаруу. Бүгүнкү күндө  республика боюнча 1969,3 млн. м3 көлөмдө сугат суу берилген, бул  өткөн жылдын ушул мезгилине карата 20,0 млн. кубометрге көп. Кыргыз Республикасынын айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин суу сактоочу жайларында отчеттук мезгилге  карата  830,1  млн. м3 көлөмдө суу топтолгон.
Жалпы республика боюнча  1288,8 миң га  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтты сугарылган,  же бул өткөн жылдын дегээлин түзөт . Биринчи вегетациялык сугарууда  822,2  миң га сугарылган,  ал эми 2017-жылы  820,7 миң га түзгөн, же  өткөн жылдан  1,5 миң га аянтка көп.
Өзгөчө сугат сууну рацианалдуу пайдаланууга көңүл бөлүү менен, ошол эле убакта суунун берилишине жана чыгымына көзөмөлдөө күчөтүлүүдө.  Ошону менен бирге, сугат суунун башка кошумча  булактарын киргизүү менен иштебей жаткан скважиналарды оңдоп ишке киргизүүгө көңүл бөлүнүүдө.
2.Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отоо чөп, оорулары жана зыянкечтер ошондой эле чегиртке зыянкечтер менен күрөшүү. Быйылкы жылы аба-ырайы республиканын бардык аймагында жаз мезгилинде, ошондой эле жай айында-июнда  жаан-чачындуу болду. Бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аяттарында массалык түрдө отоо чөптөрдүн пайда болушуна алып келди.
Жыйынтыгында республика боюнча гербицид менен отоо чөптөргө каршы-183,1 миң га аянты иштетилди, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата  69,4 миң га аятка көп. Гербицид менен иштетүү бардыгынан көп күздүк дан өсүмдүктөрүнүн аянтына туура келди -81,1 миң га, ошондой эле жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн аятына - 26,1 миң га аянт,
Ошону менен бирге, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери менен күрөшүүдө, жалпы республика боюнча-96,2 миң га аянтка жүргүзүлдү, же өткөн жылга салыштырмалуу 29,2 миң га аянтка көп.    .
Чегиртке  зыянкечтери менен күрөшүүдө-162,2 миң га аянтка изилдөө жүргүзүлдү, анын ичинен  136,5 миң га аянтка химиялык иштетүү туура келди, мунун ичинен Жалал-Абад облусуна- 44,0  миң га, Нарын облусуна-64,0 миң га, Ош облусуна-13,0 миң га, Баткен облусуна-13,0 миң га, Чүй облусуна-2,4 миң га  түзөт.
Жалал-Абад,Чүй, Баткен жана Ош облустарында чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү  жумуштары аяктады. Ал эми  Нарын облусунда-7380 га калды. Мунун ичинен Нарын районунда-380 га, Ат-Башы районундаң-2800 га жана Жумгал районунда -4968 га   иштетүү калды.
Чүй облусунда Америкалык ак көпөлөккө каршы күрөшүү боюнча  масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
3. Айыл чарба техникаларынын даярдыгы жана күйүүчү майлоочу материалдардын камсыздалышы. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштерине катышуучу техникаларды  оңдоо боюнча даярдыктар аяктоодо. Алсак, республикада колдо бары 2220  даана дан оруп жыйноочу комбайндардын  1737 даанасы оң абалда, же  78 % түзөт. Анын ичинен Баткен, Талас, Ош жана Чүй облустарынын чарбаларында колдо бар  дан-оруп жыйноочу комбайндардын  88-92  пайызы оң абалда болсо, Жалал-Абад Ош, Талас облусунда 77,0 пайызы, Нарын, Ысык-Көл  облустарынын чарбаларында даярдыгы 47-65 пайызы  даяр болгон.
Мындан тышкары, республика боюнча тракторлордун даярдыгы- 91%, трактордук чөп чапкычтар- 91%, трактордук чөп тырмоолор-95%, чөп таңгактагычтар-93 %, трактордук чиркегичтер-88 % жана дан-эгин тазалоочу машиналар-87% түзөт.
Ошону менен бирге бардык облус, райондордо  дан сактагычтарды жана складдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми  республика боюнча ар бир комбайнга туура келүүчү оруп жыйноо  аянты - орточо 200 га түзүүдө. Облустардын арасынан эң көп  туура келүүчү оруп жыйноо аянты  Ош жана Баткен облустары: ар бир комбайнга 305-285 га туура келет. Ал эми  дан комбайдарынын 1 гектарды оруп-жыюу жумуштарына болгон орточо эмгек акы төмөндөгүдөй болгондугун билдиребиз: ош облусу 4000-4500 сом, Жалал-Абад облусу – 4500 сом, Талас облусу - 2500 сом, Чүй облусу – 2000-2200 сом жана Баткен облусу боюнча 4500-5000 сом.
Айыл чарба техникаларынын лизингинин долбоорлору боюнча быйылкы жылы фермерлерге 157 даана айыл чарба техникалары берилди.
Республиканын оруп жыйноо иштерине карата бардык нефтебазаларында жана май куюуучу бекеттеринде дыйкандарга жеткиликтүү баада болгон күйүүчү майлоочу материалдар бар. 18,7 миң тонна дизелдик отун бар же  54,9 % керектелүүчүгө карата бар. Орточо баасы 44,2 сом/литр түзөт. Автобензин – 7,0 миң тонна же 58,9%, орточо баасы 43,4 сом/литр түзөт.
4. Жеңилдетилген акчалай насыялар. Республикабыздын айылдык товар өндүрүчүүлөрүнө  мамлекеттик колдоо максатында “Айыл чарбаны каржылоо-6” программасы боюнча “Айыл Банк” ААК, “РСК-Банк” жана башка  коммерциялык банктары аркылуу 2018-жылдын            5-июлуна карата    4 млрд 614 млн 987,6 миң сомго  1035 жеңилдетилген   насыялар берилген, же өткөн жылдан 1,2 млрд. сомго көп, анын ичинен 264 чарба субьектилери кепилдик койбой эле 23 млн.983,5 миң сом акча каражатын алышкан. “Дыйканчылык” программасы боюнча 1,0 млрд. 117 млн. 676,4 миң сом акча каражатына 2953 жеңилдетилген  насыя берилген, “Мал чарбасы” программасына – 2 млрд. 651 млн.,948,3 миң сомго 7120 жеңилдетилген насыя, ал эми айыл чарбасын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү” программасына  - 845 млн.363 ,0 миң сомго 231 жеңилдетилген насыялар берилди.
5.Оруп жыйноо иштери жөнүндө.   Учурда  Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй   облустарынын чарбалык субъектилери тарабынан кылкандуу дан эгиндеринин массалык оруп жыйноо иштери кызуу  жүрүп жатат. Ал эми Талас облусунда  Манас районунун дыйкандары  кылкандуу данды оруп-жыйноо иштерине жаңы  эле киришти.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам билдирүүлөрүндө облустарда, 2018- жылдын 7 – июлуна карата жалпысынан 17,8 миң га кылкандуу дан эгиндеринин айдоо аянттары жыйналып, баардык аянттардын 4,0 % түздү, же былтыркы жылдын денгээлинен 2,7 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 29,2  ц/га болууда, бул былтыркы жылга караганда 2,7 ц/га көп, дүң жыйым-52,0 миң тоннага жетип, былтыркы жылдын денгээлинен 10,9 миң тоннага көп.
Анын ичинен буудайдын 11,1 миң га аянты, же жалпы аянттан 4,4 % жыйналды.Орточо түшүмдүүлүк 32,3 ц/га жана былтыркы жылдан 1,7 ц/га көп болуп, буудайдын дүң жыйымы 35,8  миң га түзүп, былтыркы жылдан 7,0 миң тоннага көп болууда.
Ал эми арпанын 6,7 миң га аянты, же 3,5% жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 1,0 миң гектарга көп, орточо түшүмдүүлүк 24,1 ц/га болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 2,4 ц/га көп, дүң жыйым 16,2 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 3,9 миң тоннага көп.
Республиканын облустарынын ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү эң жогору түшүмдүүлүккө Баткен Жалал-Абад, облустары жетишип, ар бир гектарынан 31,9-35,7 ц/га түшүм алышып, же былтыркы жылдан  гектарынан 3,5 жана 2,4 центнерге көп болууда.
Арпанын жогору түшүмдүүлүгү Чүй, Жалал-Абад облустарында жогоруу болуп,  ар бир гектарынан 24,8-28,8 ц/га түзүп, же былтыркы жылдан гектарынан 2,4 жана 6,3 центнерден көп алынууда.
Республика боюнча оруп жыйноо иштерине былтыркы 318 комбайндын ордуна 354 комбайн иштеп жатат, анын ичинен 149 башка региондордон тартылды.
Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо менен катар республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйкан фермерлери картөшкөнү казуу жана жашылча, бахча өсүмдүктөрүн жыйноо иштерин жүргүзүшүүдө.
Республика боюнча картөшкө-3,4 миң га жыйналды, сунушталган түзүмгө карата 4,0  % түзүп,  2017 жылга карата  2,9 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк  149,7 ц/га,  же өткөн жылга карата 3,0 ц/га көп. Дүң жыйым  50,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 8,5 миң тонна көп.
Жашылчалар 116,5 миң тонна жыйналып, былтыркы жылдан 22,1 миң тоннага көп.  Ал эми бахча өсүмдүктөрү 60,1 миң тонна жыйналып, 2017жылдан 5,4 миң тоннага көп болууда. 

 

ПРЕСС-РЕЛИЗ
по проведению сельскохозяйственных полевых работ по уходу за посевами сельскохозяйственных  культур,  готовности и  проведению  уборочных работ  посевов сельскохозяйственных  культур  в хозсубъектах Кыргызской  Республики  по состоянию на  9  июля  2018 года

В целом по республике общая посевная площадь сельскохозяйственных культур под урожай 2018 года составила 1214,9 тыс.га, что на 8,3 тыс.га  больше  достигнутого  уровня в 2017 году. За последние  5  года  объем неиспользуемой  пашни сократился со 110 тыс.га  до 67,3 тыс.га, или на 42,7 тыс.га.
В  настоящее  время  на  большей части посевов  сельскохозяйственных культур развернут агротехнический уход за растениями: вегетационные поливы вместе с  междурядной обработкой с акцентом на сахарную свеклу и хлопчатник,  а также борьба с вредителями, болезнями и  сорняками,  особенно с саранчовыми и американской белой бабочкой.
Вегетационные поливы  сельскохозяйственных  культур.
На отчетную  дату  фактически было подано  поливной  воды  всего по республике  в объеме  1969,3  млн. м3, что на  20,0  млн. м3  больше, чем на ту же дату прошлого года. В водохранилищах Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики  на отчетную дату  имеется накопленной  поливной  воды в объеме  830,1  млн. м3,
В целом по республике  фактически полито 1288,8  тыс.га  посевов  сельскохозяйственных  культур,  что на уровня прошлого года.  При этом первым вегетационным поливом полито 822,2 тыс.га  при 820,7  тыс.га в 2017 году, или на  1,5 тыс.га  также  больше.
Особое внимание уделяется рациональному использованию поливной воды, что обеспечивается контролем за ее водоподачей и расходом. Большое значение придается и вводу других источников поливной воды, в том числе и путем запуска не функционирующих в настоящее время поливных скважин.
2. Борьба  с  сорной  растительностью, болезнями и вредителями сельхозкультур, а также с саранчовыми вредителями.
Текущие погодные  условия года связаны с обильным выпадением дождей  по всей территории республики  в течение  весеннего  периода, а также летом - в июне. Это привело к  массовому  появлению  сорной  растительности на посевах  сельхозкультур. В результате  чего химическая борьба  с сорняками  с помощью  гербицидов  в целом по республике была проведена на отчетную дату текущего года на площади  183,1  тыс.га,  что на 69,4 тыс.га больше  по сравнению с тем же периодом прошлого года. Больше всего обработок гербицидами было проведено на посевах озимых зерновых колосовых культур - 81,1 тыс.га, а также яровых зерновых колосовых культур - 26,1  тыс.га. 
Вместе с тем борьба с вредителями и болезнями сельхозкультур в целом по республике была проведена на площади 96,2 тыс.га, что на 29,2 тыс.га больше прошлогоднего.
В борьбе  с саранчовыми вредителями было обследовано 162,2 тыс.га сельхозугодий, из которых  подлежало химической  обработке 136,5  тыс.га, из которых 44,0  тыс.га  пришлось на Джалал-Абадскую область, 64,0 тыс. га – на Нарынскую область, по 13,0 тыс.га –  Ошскую область, 13,0 тыс. га – на Баткенскую область,  2,4 тыс.га – на Чуйскую область,
В Джалал-Абадской, Чуйской, Баткенской, Ошской,  областях обработка против саранчовых вредителей  уже завершена. В Нарынской области осталось обработать 7380 га, из которых 380 га в Нарынском районе и 2800 га в Ат_Башинском районе и 4968 га в Жумгальском районе.
Против американской белой бабочки проводятся широкомасштабная обследования  в Чуйской области.
3. Готовность сельскохозяйственной  техники  и наличие ГСМ
Завершается подготовка имеющейся сельскохозяйственной техники к проведению уборочных работ выращенного урожая  сельскохозяйственных культур. В частности, из  имеющихся  в  республике 2220 единиц зерноуборочных комбайнов, по состоянию на отчетную дату, подготовлены к работе 1737 единицы,  или 78 ,0 %. При  этом,  если в  хозяйствах Баткенской,Таласской, Ошской и Чуйской областей уже готовы к работе порядка 88-92 % имеющихся зерноуборочных  комбайнов, а  в Джалал-Абадской области готовы 77 %, то в хозяйствах Нарынской и Иссык-Кульской  областей их подготовлено только 47-65  %.
Кроме того, готовность тракторов  по республике составляет 91 % от их наличия, соответственно тракторных косилок – 91 %, граблей тракторных 95 %, пресс-подборщиков – 93 %, тракторных прицепов – 88 % и зерноочистительных машин – 87 %.
Также проводится работа во всех областях по подготовке зернотоков и складских помещений.
По проектам  лизинга сельскохозяйственной техники в текущем году фермерам республики  отпущено  в лизинг  157  единиц  сельскохозяйственной техники.
На  всех  нефтебазах  и автозаправочных  станциях  нефтетрейдерами республики  запасено необходимое  для  бесперебойного обеспечения  уборочных  работ  количество  горюче-смазочных  материалов по доступной  для  фермеров  республике  рыночной отпускной  цене. При этом дизельного топлива имеется в наличии 18,7 тыс.тонн, или 54,9 % к потребности, при средней отпускной  цене 44,2  сома за литр, а автобензина – соответственно  7,0  тыс.тонн, 58,9 %  и 46,4  сомов за литр.
4, Льготное  денежное  кредитование Для финансовой поддержки сельских товаропроизводителей республики  по  программе  «Финансирование сельского хозяйства -6»,  ОАО «Айыл Банк», РСК-Банк и другими коммерческими банками по состоянию на  5 июля  2018 года выдано 10305 льготных  денежных  кредитов  на сумму 4 млрд. 614 млн. 987,6  тыс.сомов, или 1,2 млрд. сом больше прошлогоднего, из которых  264  хозсубъектов получили льготный денежный кредит без залога на сумму 23 млн. 983,5  тыс.сомов. При этом по программе «Растениеводство» выдано 2953 льготных кредитов на сумму 1,0 млрд 117 млн. 676,4 тыс. сомов, по программе «Животноводство» - 7120 льготных кредитов на сумму 2 млрд. 651 млн. 948,3 тыс. сомов, а по программе «Переработка и услуги в сельском хозяйстве» - 59 льготных кредитов на сумму 845 млн. 363 тыс. сомов.
5. Ход  проведения  уборочных  работ. В настоящее время хозяйствующие субъекты Баткенской, Джалал-Абадской, Ошской, Чуйской  областей республики приступили к массовой уборке выращенного урожая зерновых колосовых культур,  а в Таласской  области-к выборочной уборке зерновых колосовых культур пока приступили фермеры Манасского района.
По оперативным данным полномочных представителей Правительства Кыргызской Республики в областях, по состоянию на 7 июля 2018 года в целом по республике  убрано 17,8  тыс.га  посевов зерновых колосовых  культур, или 4,0 %  всей их площади, что на 2,7 тыс.га больше прошлогоднего уровня. Средняя урожайность составила 29,2  ц/га, что на 2,0 ц/га больше прошлогодней, а валовой  сбор зерна составил  52,0 тыс.тонн, что на 10,9 тыс. тонн больше уровня прошлого года.
При этом пшеница убрана с площади 11,1 тыс.га, или 4,4 % ее площади. При средней урожайности 32,3 ц/га, или  на 1,7 ц/га выше прошлогодней,  валовой сбор зерна составил 35,8 тыс.тонн, что больше уровня прошлого года на 7,0 тыс. тонн.
Ячмень убран с площади           6,7 тыс.га, или 3,5 % от всей его площади, что больше прошлогоднего на 1,0 тыс.га, а при средней урожайности 24,1  ц/га, что также больше прошлого года на 2,4 ц/га,   валовой намолот зерна составил 16,2 тыс.тонн, или на 3,9  тыс.тонн больше прошлого года.
Лучший  результат по   урожайности пшеницы  – в Баткенской и  Джалал-Абадской  областей – 31,9 и 35,7 ц/га, что на 3,5 и 2,4  ц/га выше прошлогодней.
По ячменю  лучший    урожай 28,8 и 24, 8/ц/га  у фермеров Джала-Абадской и Чуйской областей, что на 6,3 и 2,4  ц/га выше прошлогодней
На зерновой ниве  республики  на отчетную дату работают 354 зерноуборочных комбайнов, при 318 комбайне в прошлом году. Привлеченных комбайнов со стороны  и из других регионов  насчитывалось 149 единиц.
Наряду с уборкой посевов зерновых колосовых культур, хозяйствующие  субъекты Баткенской, Джалал-Абадской и Ошской  областей  ведут  уборку выращенной урожая  картофеля.овощей ибахчевых культур.
Всего по республике выкопано 3,4  тыс.га, или 4,0 % ко всей уборочной  площади, что на 2,9  тыс.га больше уровня 2017 года.  Средняя урожайность  составляет  149,7  ц/га, что на  3,   цга  выше прошлогодней, а валовой  сбор  составил 50,6 тыс.тонн, что на 8,5 тыс.тонн больше прошлогоднего
Собрано также  и овощей  –116,5 тыс.тонн, или на 22,1 тыс.тонн больше, чем 2017 году, бахчевых культур, соответственно 60,1 тыс.тонн, что также больше на 5,4 тыс.тонн.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок