Мин.сел.хоз.
Новость 4 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Калк арасында Эхинококкоз ылаңынын алдын алуу жөнүндө семинар өткөрүлдү

2018-жылы 3-июль күнү Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Доорат-Коргон айылында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Элетти көтөрүү жылынын” алкагында,калк арасында кеңири жайылып бараткан Эхинококкоз жана Альвеококкоз ылаңдары боюнча пикир алмашуу жана ылаң менен күрөшүүнүн конкреттүү комплекстик иш чарасын даярдоо жана жүзөгө ашыруу жөнүндө семинар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев, КР-нын Өкмөтүнүн Ош облустук өкүлчүлүгү, Алай, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациялары жана аталган райондордун жергиликтүү  өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери эксперттик топ, жергиликтүү тургундар катышты.

 Семинарга Польша Республикасынын жеке ветеринардык врач Даниел Фигиель жетектеген адистер катышып, аталган ылаң менен күрөшүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Семинардын жүрүшүндө Эхинококкоз жана Альвеакоккоз ылаңдарын алдын алуу максатында жасалып жаткан иш аракеттер жана оорунун учурдагы абалы”, “Эхинококкоз жана Альвеакоккоз ылаңдары менен күрөшүүдөгү ветеринардык  иш чаралар жөнүндөгү  маалымат маалыматтар берилип, Эхинококкоз ылаңы менен күрөшүүдөгү Нарын облусунун Ак-Муз айылдык округундагы тажрыйба менен бөлүшүп практикалык жүзүндө көрсөтүлдү.

Семинардын жыйынтыгында суроолор берилип, адистер тарабынан суроолорго жетиштүү жоопторду беришти.

Прошел семинар на тему: «Роль популяции бездомных собак в распространении Эхинококкоза среди населения»

В рамках объявленного Президентом Кыргызской Республики “Годом развития регионов” 3 июля 2018 года в селе Доорат-КоргонЧон-Алайского района Ошской области прошел семинар по обсуждению, разработке конкретных мероприятий и их реализаций на тему «Роль популяции бездомных собак в распространении Эхинококкоза среди населения».

В работе семинара приняли участие Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики Н. Мурашев, представители Полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Ошской области, а также руководители Алайского и Чон-Алайского районов, руководители вышеуказанных местных самоуправлений, экспертная группа и местные жители.

Вместе с тем в семинаре приняли участие гости из Республики Польша во главе с ветеринарным врачом Даниелом Фигилем, которые в свою очередь поделились своим опытом в борьбе с данной болезнью.

В целях предотвращения болезни участникам была предоставлена информация о мерах борьбы с болезнью и ее текущее состояние, также сведения о “Ветеринарных мероприятиях по борьбе с Эхинококкозом и Альвеакоккозом”. Наряду с этим своим опытом поделился начальник районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Саалаев У.

В ходе семинара на все интересующиеся вопросы были получены соответствующие ответы.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок