Новость 5 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кадамжай районунда дыйкан-фермерлерге агрозоовет окуутуу өткөрүлдү

2-февралда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Баткен облусунун Кадамжай райондорунда Мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү жана айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле, мал чарба, балык чарба жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын кайра иштетүү жөнүндө дыйкан-фермерлерге, агрозоовет окуутууларды өткөрдү.
Окуутууга, Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменттинин жайыттарды демаркациялоо жана инвентаризациясы боюнча адиси Б. Абдураимов, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменттинин жайыттарды башкаруу жана пайданалуу бөлүмүнүн башчысы Ы. Апсамат уулу, министрликтин Мал чарбасы, асыл-тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси
Д. Мамбеталиев, министрликтин жетектөөчу адиси  А. Абдывасиев, Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси А. Иманалы уулу, Кадамжай  районунун мамлекеттик администрациясынын өкулдөру, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Асамидинов , министрликтин алдындагы Кыргызагробиоборборунун Баткен регионалдык биофабрикасынын директорунун  милдетин  аткаруучусу Бахтиер кызы Элмира, Өзгөн балык чарбасынын директору З.Козубеков жана Кадамжай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба адистери, жергиликтүү дыйкандар-фермерлер, Жайыт комитеттеринин төрагалары катышты.
Окуутууда,  Айыл чарба экологиялык таза продукцияларын өндүрүү, Тоюттардын баалуулугу жана малдарды тоюттандыруу эрежелери, Жайыт абалын балоо жана мониторинг жүргүзүү, өсүмдүктөрдүн негизги түрлөрү, ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы айлануусу, айыл чарба техникалары жөнүндө, Айыл аймактардагы жайыттардын тышкы чегаралар боюнча талаш-тартыш маселелер жана алардын чечүү жолдору, балык чарбасын өнүктүрүү,  карантин боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери жана зыянкечтери деген темаларда презентациялар окулуп, кенен маалыматтар берилди.
Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү дыйкан-фермерлер Айыл аймактардагы жайыттардын тышкы чегаралар боюнча талаш-тартыш суроолорду  жер  адистерге беришип, жеткиликтүү жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок