Новость 28 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
Токмок шааарында Асыл тукум малдарды өнүктүрүүнүн көргөзмөсү өттү

2017-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт мал чарбачылык жана балык чарба департаменти Чүй облусунун Токмок шааарында жайгашкан мал базарда «Асыл тукум малдарды онүктүрүүнүн негизи» деген темада көргөзмөсүн өткөрдү.
Асыл тукум малдардын көргөзмөсүнө Жайыт мал чарбачылык жана балык чарба департаментинин директору У. Мырзакматов, Мал чарба, асыл тукум иши жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Мамаев, Чүй райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, “Элита” асыл тукум станциясынын адистери жана Чүй обласынан келген дыйкандар, фермерлер катышты.

Көргөзмөнүн максаты асыл тукум малдарды жайылтуу, фермерлердин кызыгуусун арттыруу жана сапатка көңүл буруу ошондой эле жасалма жол менен уруктандыруунун пайдалуу жактарын элге кеңири жеткирүү.
Семинарга ири мүйүздүү ала-тоо породасындагы малдар жана америкалык селекциядагы швиц, симментал жана абердин-ангусс породасындагы өндүргүч букалардын уруктары менен жасалма уруктандыруу жолу менен алынган музоо, торпоктор жана кыргыз уяң жүндүү койлор, таза кандуу айгырлар көргөзмөгө коюлду.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар суроолорун узатып, жооп алышты.

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок