Новость 24 мая

Жайыт департаментинин  жума аралыгында жасаган иш аракети жана Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу  Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2009-жылдын  19-июнунда № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жайыт департаментинин директорунун орун басары Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун айыл аймактарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы  № 545“2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди.
Ошондой эле, Жайыт департаментинин адистери тарабынан  тегерек столдор, семинар иш-чаралары уюштурулуп жатат,  Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-караган отоо чөбүн жок кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде 12-майда саат 15:00дө тегерек стол өткөрүлдү.Тегерек столдогу талкууга ар бир катышуучулар активдүү катышып, тийиштүү сунуштарды беришип, жыйынтыгында алтыгана-караганын азайтуу боюнча төрт жол менен жок кылууну  жана жеринен Суусамыр өрөөнүнө барып, жок кылынуучу участокторду аныктап келүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунушташты.
Азыркы учурда министрлик тарабынан жумушчу топ түзүү боюнча тиешелүү
министрликтер менен агенттиктерге кат жөнөтүлдү. Тиешелүү жооптордун
негизинде жумушчу топ түзүлүп жеринен барып жок кылынуучу
участокторду тактап аныкташып, келип жыйынтыгын беришет. Ошондон
кийин иш чараны өткөрүүнү баштайбыз. Мындан тышкары 2016-жылдын
6-июнунда саат 8:00дө Суусамыр өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин депутаттарынын катышуусу менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, алтыгана-караганды азайтуу боюнча көчмө жыйын өткөрүлүүсү күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, Департаменттин ГИС лабораториясынын адиси Нарын облусунун райондорунда ГИС, GPRS жана Google earth программалары боюнча атайын окутуучу тренинг өткөрүп келди.

Протоколдук иштердин аткарылышы жөнүндө


2016-жылдын 17-майындагы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин аппараттык кеңешмесинин  Протоколунун 3чү жана 10-пункттарындагы тапшырмалар боюнча  төмөндөгүлөрдү билдирет.
Жайыт департаментинин  облустардагы ар бир адистерине сел жүргөн жайыт жерлери жана анын натыйжасында уратылган объектилер боюнча толук маалымат алуу тапшырмалары  берилип, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустары боюнча ыкчам маалыматтар берилди, ал эми калган облустарда бул маселе боюнча Жайыт департаментинин адистери жер-жерлерде иш жүргүзүп жатышат. 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жана 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы пландар тууралуу маалыматтар даярдалып жатат.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча программадагы Жайыт департаментине тийиштүү иш аракеттер каралууда.

Корреспонденциялар жөнүндө


Жума ичинде Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министрликтерден, ведомстволордон , облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 16 кат, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынан-1,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-3,  Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен-2, облустардан-4 жана башка ведомствалардан-4, долбоорлоду ишке ашыруу бөлүмүнөн-1   кат келип түштү. Келген каттарга Департаменттин адистери   Кыргыз  Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67чи «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык,өз убагында жооп берип жатышат.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок