Новость 27 марта

Ыссык-Көл обласында фермерлерге жана ветеринарларга ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын сатып алуу жана колдонуу боюнча маалымыт берилди

2017-жылдын 24 январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин № 01-11/7 буйругун аткаруу максатында ветеринардык дары-дармек каражаттарды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификациялоо борборунун адистери өз тармагы боюнча Ыссык-Көл обласынын баардык районундагы фермерлерге жана ветеринарларга ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын сатып алуу жана колдонуу боюнча маалымыт берди. Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн топ менен биргеликте 15-марттан, 17 мартка чейин Ыссык-Көл обласынын Жети-Өгүз, Тон, Ак-Суу, Түп, Ыссык-Көл районундагы фермерлерге жана ветеринарларга ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын сатып алуу жана колдонуу боюнча ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө «Техникалык Регламенттине» ылайык окутуу иш-чара өткөрүлдү.
Семинардын катышуучуларына биринчи кезекте малдарга колдонулуучу дары-дармектерди жана тоют кошулмаларды каттоо жана сертификаттоо боюнча маалымат берилди. Мындан сырткары ветеринардык дары каражаттарды жана тоют кошулмаларын сатып алууда шайкештик сертификатты карап көрүп, сатып алуу маселелерин кеңири түшүндүрүлдү.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок