Новость 24 февраля
1144953 3 2x

Чүй облусунда окуулар өткөрүлүп жатат
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан иштеп жаткан “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында тренингдер өткөрүлүп жатат. Долбоор Талас жана Чүй облусун камтыйт.
Окутуулар Ветеринардык палатанын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Буга чейин Талас облусунун төрт районунда өткөрүлгөн. Учурда Чүй облусунун райондорунда болуп өттү. Кезектеги окутуу Ысык-Ата районунда жеке ветеринарлардын, мал чарба адистеринин катышуусунда болуп өттү.
Тренингдин негизги максаты – ветеринардык кесиптин потенциалын көтөрүү, Кыргыз Республикасынын ветеринардык органдары, долбоор туурасында маалымат берүү, айыл аймагынын деңгээлинде малдын ден-соолугун коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү, жайыт жерлерин туура башкаруунун жолдорун өздөштүрүү болуп саналат.
Семинардын катышуучулары теория менен практиканы айкалыштырып, тесттик суроолорго жооп берип, өздөрүнүн билим деңгээлин сынап көрүштү. Нурманбет айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинде 2004-жылдан бери иштеп келе жаткан семинардын катышуучусу Жылдыз Сагынбекова буга чейин жайыттарды кантип пайдалануу керек экендигин билип келсе да, өткөрүлгөн окуудан өзү үчүн көп маалыматты кеңири алгандыгын айтып өттү. “Мал доктурлардын иш алып баруусун, алар менен кандай иштешибиз керек экендигин билдим. Кошумча окуу эч качан ашыктык кылбайт. Ушул окууга келип катышып жатканыма абдан сүйүнүп турам”, - дейт ал.
Башка катышуучулар дагы семинардын өтүшү менен ветеринария боюнча, жасалма жол менен уруктандыруу туурасында, жайытты кантип рационалдуу пайдалануу керек, аны кантип сактоо керектиги туурасында кеңири маалыматтарды алгандыгын белгилешти. Окутуунун алкагында катышуучуларга маалымат китепчелери таратылып берилди.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок