Новость 22 февраля
1144953 3 2x

Ыссык- Көл обласынын Тоң районундагы жазгы талаачылык иштерге даярдык боюнча маалымат 2017-жылга карата Тоң районунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын структурасы такталып түзүлдү. Райондун айыл аймактарынын пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлгөн жер аянттарын аныктап, быйыл жылы айдоо аянттарынын көлөмүн көбөйтүү пландалууда. Мөмө-жемиш өстүрүү боюнча райондо 5 жылдык программа иштелип чыкты. Алма бак жана өрүктөрдүн көчөттөрүн отургузуунун аянттарын көбөйтүү максатында 150 гектар жерге көчөттөр тигилип жатат. Көк-Мойнок айыл аймагында тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2017-жылга аянты 70-80 гектарга кеңейтүү каралууда. 2016-жылы Тоң районунун жалпы айдоо жерлердин аянты 20234 гектарды ээлеген. Үстүбүздөгү жылдын жазгы талаа иштеринде жер айдоо аянттарын көбөйтүү пландалууда. 2017-жылдын 1-январына карата Тоң районунда төрт түлүк малга санак жүргүзүлдү. Санактын жыйынтыгы мурдагы жылдарга салыштырмалуу жылыш бар. 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы санактын жыйынтыгы көбөйгөн. Жылкынын саны 2016-жылы 22567ге жеткен 2017-жылы 23050гө өскөн. Ал эми 2016-жылы топоздун саны 2136га жетип 2017-жылы 2785ке көбөйгөн. Жалкпы кой эчкилердин саны 2016-жылы 182840га жетип 2017-жылы 186563гө көбөйгөн. Уй 2016-жылы 35178ге жетип 2017-жылы 35598ге көбөйдү.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок