Новость 30 января

Кыргыз агробио борбору Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жайгашкан кесиптик лицейлерде билим алып жаткан фермерлер үчүн кыска мөөнөттүк курстар үчүн окуу модульдарын иштеп чыкты

«2015-2017-жылдар үчүн азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугу» мамлекеттик Программасын реализациялоо максатында БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын каржылоосу менен Кыргыз агробио борбору жана К.И. Скрябин атындагы КУАУи жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелилорация министрлигинин Кыргыз агробио борбору Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жайгашкан кесиптик лицейлерде билим алып жаткан фермерлер үчүн кыска мөөнөттүк курстар үчүн окуу модульдарын иштеп чыкты. Окуу курсунун максаты жер-жерлерде экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү технологияларын жайылтуу жана химиялык уулуу пестциддерди пайдалануунун төмөндөтүп, дыйканчылыкта биологиялык каржаттарды пайдаланууну жогорулатуу менен айыл чарбасында экологиялык таза зоналарды кеңейтүү.
Мындан тышкары Кыргызагробиоборбору ААБнун «Коомдук үрөнчүлүк фонддорун колдоо» долбоорунун чегинде 2017-жылдын 24-январында Бишкек шаарында жана 27-январында Ош шаарында талаа мектептеринин тренерлерин дан, жашылча, картошка, кант кызылчасы, жер-жемиш, пахта ж.б. өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жана кыртыштын асылдуулугун жогорулатууда биокаржаттарды пайдалануу ыкмалары жөнүндү кеңири окуу-тренинг өткөрүлдү. Мындай окуулар үч жылдан бери жергиликтүү үрөн өндүрүүчүлөргө биокаржаттарды пайдалануу боюнча методикалык-практикалык кеңештерди берүү максатында өткөрүлүп келе жатат.
Кыргыз агробио борбору Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жайгашкан кесиптик лицейлерде билим алып жаткан фермерлер үчүн кыска мөөнөттүк курстар үчүн окуу модульдарын иштеп чыкты

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок