Новость 27 января

Республиканын областарында 2017-жылдагы семинар – окууда сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмү  жана сорттору тууралуу маалымат.

Талас облусу боюнча:       
Талас облусунда  негизинен төө буурчак монокультура катары өстүрүлөт. Орун которуштуруп айдоонун жоктугу топуракта көп илдеттердин чогулушуна алып келип, түшүмдүүлүктүн  төмөндөшүнө  жана продукциянын сапатынын начарлашына  алып келет. 
Ошондуктан Министрликтин адистери фермерлерге башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө сунуштайт. Кайрак жерлерге  сафлор өсүмдүктөрүн, ал эми сугат жерлерге тоют өсүмдүктөрүн (жүгөрү, беде, эспарцет, фасоль жана нут) техникалык өсүмдүктөрдөн кант кызылчасын жана жүгөрүнүн, жашылчанын аянтын өстүрүү тамчылатып сугаруунун эсебинен кеңейтүү сунушталат, ошондуктан  кант кызылчасынын жогорку түшүмдүү гибриддери жана жүгөрүнүн эрте бышып жетилүүчү гибриддери сунушталат. 
Белгилеп кетүүчү нерсе, Талас облусу  мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн  өстүрүүгө  абдан ыңгайлуу климаттык шарттарга ээ. Ошондуктан  фермерлерге мөмө-жемиштерди бактарынын аянттарын кеңейтүү үчүн кеңири таралган жана жаңы  сортторду отургузуу сунушталат.
Кыргызстанда күнөскана чарбасы  кеңейүүсүнө байланыштуу фермерлерге томаттын жана бадыраңдын  жабык грунтта өстүрүүгө багытталган бир катар гибриддери сунушталат. Областарда жашылчалардын  үрөөнүн уюштуруу керек,  булардын ичинен Манас районунда- таттуу перец, ошондой эле министирликтин адистери картошкөнүн  нематода илдетине туруктуу жаңы сортторду айдоону сунуштайт.
Чүй облусу боюнча: -Чүй өрөөнүндө айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жашыл- бакча, буудай, арпа, кант кызылчасы, жүгөрү, соя жана көп жылдык чөп өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Кант кызылчасынын айдоо аянтын кеңейтүүсү пландалып жатканына байланыштуу  Министрликтин  адистери фермерлерге кант кызылчасынын жаңы жогору түшүмдүү Европадагы гибриддерди сунуштайт.
Жүгөрү боюнча Октябрский, Ала-Тоо, Испания, Туркия, Американын Казакстандын жана Оруссиядагы  Краснодардын жаңы гибриддери сунушталат. Фермерлер арасында  өстүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү көйгөйүнүн жоктугуна байланыштуу кеңири таралган жана фермерлердин талабына ылайык келген соянын жаңы Шайен аттуу вегетациясы кыска сорту айдоого сунушталат.  
Көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын кеңейтүү талап кылынат, бул топурактын структурасынын жакшырышына шарт түзөт.
Суугат суусу менен көйгөйү бар жерлерге,  кургакчылыкка чыдамдуу келген  арпанын сортторун жана сорго (конок) дан өсүмдүгүнүн гибриддерин  айдоо сунушталат. Сорго өсүмдүгү толук өөрчүп жана жогору түшүм берүүсүнө бир сезон ичинде бир жолу сугаруу жетиштүү болуп 60-80ц/га түшүмдүүлүк берет.
Белгилеп кетүүчү нерсе, Чүй облусу  мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн  өстүрүүгө  абдан ыңгайлуу климаттык шарттарга ээ. Ошондуктан Министрликтин адистери фермерлерге мөмө-жемиштерди бактарынын аянттарын кеңейтүү үчүн кеңири таралган жана жаңы  сортторун отургузууну сунушташат. Кыргызстанда күнөскана чарбасы  кеңейүүсүнө байланыштуу фермерлерге томаттын жана бадырандын  жабык грунтта өстүрүүгө багытталган бир катар гибриддери сунушталат.
Ысык-Көл облусу боюнч; Мөмө-жемиштерди өстүрүүгө абдан ыңгайлуу климаттык шарттарга ээ. Ошол себептен айыл чарба министирлигинин адистери фермерлер мөмө-жемиш бактарга бөлүнгөн аянтты кеңейтүүсүн жана отургузууга   жакшы белгилүү жана жаңы сортторду сунуштайт.  Кайрак жерлерге арпадан сырткары кой буурчак жана сафлор өсүмдүктөрүн айдоосу сунушталат. Кыргызстанда күнөскана чарбасы кеңейүүсүнө байланыштуу фермерлерге томаттын жана бадырандын  жабык грунтта өстүрүүгө багытталган бир катар гибриддери сунушталат. Ошондой эле министирликтин адистери картөшкөнүн  нематода илдетине туруктуу жаңы сортторду жана грециканын, буудайдын, жаңы жогорку түшүмдүү сортторун  айдоону сунуштайт.
Нарын облусу боюнча:- Министрлик Нарын облусунун фермерлерине 2017-жылы жаздык айдоого  тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын арпа жана эспарцет өсүмдүктөрүнүн жаңы жогору түшүмдүү сортторун айдоо менен кеңейтүүнү сунуштайт. Ошондой эле Кочкор районунун фермерлерине картөшкөнүн эрте бышып жетилүүчү, нематода илдетине туруктуу жана рынокто талап кылынып жаткан сорттор сунушталат.  
Баткен, Жалал-Абад жана  Ош облустары боюнча: -Буудай жана май өсүмдүктөрүн себүнүү азайтуунун эсебинен пахта, тамеки, жүгөрүнүн, жашылча, бакча өсүмдүктөрүн себүүнүн аянтын тамчылатып сугаруунун эсебинен кеңейтүү.
Мындан сырткары, күнөсканадагы жашылча жана цитрустук өсүмдүктөрүн өстүрүүнү жөнгө салуу абзел. Жашылчанын үрөнүн уюштуруу жана мүмкүн болушунча күрүч себүүнү кеңейтүү, жаңы айдоо аянттарын өздөштүрүүнүн эсебинен беде жана эспарцет көп жылдык чөптөрүн себүү. Областарда бак-дарактуу жемиштеринде тамчылатма сугарууда алдыңкы технологияны колдонууну кеңири практикалоо керек.
Кайракы жерлерге кургакчылыкка туруктуу жергиликтүү жазгы арпанын жана чет өлкөнүн селекциясынын сортторун өстүрүүнү киргизүү керек.

Республиканын баардык областарында пайдаланбаган катуу кайрак жерлерди тамчылатма сугаруу жана күнөскана чарбаларына максималдуу колдонуу.

Өндүрүү үчүн төмөнкү сортторду пайдалануу: Пахта: Кыргыз 3,5,6 (кыргыз селекциясы), ш ( progen Tonum- Турция), К-44 (КЭР).
Күздүк буудай: сугатта - Зубков, Азиброш( ААК МИС),
Кайракта- Эритроспермум 760, Кайрак, Адыр (Кыргыз НИИЗ), Күздүк арпа: сугатка – Ардак, Гаухар, (Кыргыз НИИз), Кулиза, Фархад (ААК МИС),
Кайракка - Альта, Жеңиш 60 ( Кыргыз НИИЗ), Кулиза (ААК МИС), Жаздык арпа: сугатка – Кылым, Бестам, Владлен (Кыргыз НИИЗ), Вакула, Достойный (Страврополь НИИСХ), Гетьман ( селекциялык – генетикалык институт, Одесса ш.) .
Кайракка - Нарын 27 , Владлен (Кыргыз НИИЗ), Суусун ( Казах НИИЗ жана өсүмдүк өстүрүү), Мамлюк (П.П.Лукьяненко атындагы Краснодар НИИСХ), Вакула (Страврополь НИИСХ).
Жүгөрү: кеч бышуучу гибриддер- Октябрский 70, Ала – Тоо (Кыргыз НИИЗ), Көп жылдык чөптөр (которуштуруп айдоодо 30% кем эмес керектүү) беде – Береке, Манас, Жергиликтүү Өзгөндүк, мелисса, Тим бале (Франция);
Эспарцет: Ысык-Көлдүк, белек.
Соя: Амантай 7709. Амантай Ак-жол (Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыт НИИ),
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү Республикада мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн  түшүм  берүүчү аянттары 50 миң га аянттка жетти. Бирок, республикада калкка болгон мөмө-жемиштин биологиялык керектөө нормасы 50 пайыздан төмөндү түзүүдө. Ошону менен кошо, Россия  жана  Казахстандын  базарларында мөмө-жемишти чексиз көлөмдө сатып өткөрүү шарты бар.
Өсүмдүктүн рентабелдүүлүгү аны керектөөчүлөргө чейин климаттык-аба шартына, продукцияны жаңы түрүндө жеткирүү шартына жана мөөнөтүнө көз каранды. Ошондуктан өнөр-жай мекемелеринде  жана жеке дыйкан жана фермердик чарбаларда мөмө-жемишти терең кайра иштеп чыгуу жана бириккен автотранспорт жолдорун чечүү эң негизги маселе болуш керек.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сунушталган сорттору:
Мөмө өсүмдүктөрү: алма, алмурут, черешня, алча, абрикос-жергиликтүү сорттордон сырткары Польша,Сербия ж.б. алып келинген сортторду да пайдалануу.
Күрүч. Республиканын түштүк региону үчүн өстүрүүчү традициялуу өсүмдүк, өзгөчө Борбордук Азия республикаларынын бардык керектөөчүлөрүнүн суроо-талабы бар «Өзгөн күрүчү» элдик селекция сорту. Республикада күрүч азыр 9,6 миң га аянтты ээлейт. Жогорку рентабелдүү өсүмдүк. «Өзгөн күрүч» данынын килограммы 120 сом жана андан жогору.
Келечекте кургак күрүч сортун өстүрүүнүн эсебинен тамчылатма сугарууну колдонуу менен 10 миң га аянттка чейин көбөйтсө болот.
Жашылча-жемиш өсүмдүктөрү: капуста, томат, бадыраң, баклажан, пияз, ж.б., ошодой эле дарбыз, коон жана голандия фирмаларынын гибридтерин пайдалануу.
Нут. Борбор Азияда, Индияда жана Закавказья өлкөлөрүндө 14% жогорку түзүмдө иштелип чыгуу белогу бар традициялуу чанактуу тамак өсүмдүгү. 2015-жылы  «Рейба»  турция  фирмасы Талас облусуна өздөрүнүн селекциялык сортун алып келип, 125 га аянт катуу кайрак жерлерге өстүрүшүп ар бир гектардан 12,5-13,5 ц/га дандын түшүмдүүлүгүн алышты. Нут өсүмдүгүн баалуу кошумча пайда булактуу рентабелдүү тамак продукциясы катары караса болот.
Түштүк облустардын тоолуу райондорунда жана Ноокат районунда “Европлант”, “Норика” фирмалары – Германия, Голландия фирмалары – “Агрико,” “ HZPK” картошка сорттору сунушталат.
Күнөсканаларда голландия жана түштүк корея фирмаларынын гибридтерин пайдалануу.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок