Маанилүү жаңылык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 2-3 декабрында Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигиндеги: натыйжалары, тажырыйбасы жана перспективалары” темасында практикалык конференцияны өткөрдү

2019-жылдын 2-3-декабрында практикалык конференциянын алкагында “Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигиндеги: натыйжалары, тажырыйбасы жана перспективалары” деген темасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигин кызматкерлери “Тамак – аш азыктарынын техникалык регламентерин жөнгө салуу жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин өз ара соодасында санитардык жана ветеринардык – санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу” жана «ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн агроөнөр жай өндүрүшү чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын жыйынтыктары тууралуу маалымдайт” деп аталган панелдик сессиясына катышышты. Сессияда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министиринин орун басары Исаев Амангелди Сапарбековичтин өздүк презентациясы менен сөзүн сүйлөдү.

Евразия экономикалык биримдигинин негизги максаты – биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн товарлардын бирдиктүү базарына, кызмат көрсөтүүгө, капиталга жана жумушчу күчүнө жеткиликтүүлүгүнүн эркин болушун камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө биз толук ишеним менен алдыга койгон максаттарга жеткенибизди айта алабыз. ЕАЭБ өлкөлөрү товарларды алып кирүү бажы төлөмсүз ишке алып жатат, ал эми татаал делген маселелер боюнча биз диалог жолу менен бир пикирге  келүүдөбүз. Мисалы, ушул жылдын апрель айында ата мекендик ветеринардык көзөмөл системасынын эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына жетиштик.Бул ЕАЭБ ишканаларынын реестрине катталган биздин ишканаларга жакшы таасир этери талашсыз. Бул реестрге ата мекендик 99 ишкана кирген.Акырындык менен тоскоолдуктар жоюлууда, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатат. Бул жылы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,2 миллиарддан ашуун АКШ долларына жетери күтүлүүдө. Жылдан-жылга айыл чарба продукцияларынын экспорттоосунун көлөмү өсүүдө.Ошол эле учурда импорт төмөндөп жатат.

Практикалык конференциясына катышкан катышуучуларынын презентацияларнын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигин кызматкерлери Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Бубен Станислав Брониславичтин “ЕАЭБдин макулдашылган агроөнөр жай саясаты” жана ошондой эле Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин орун басары Субботтин Владимир Викторовичтин “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын проблемалары. Техниклык жөнгө салуу жана СФС чараларын колдонуу контекстинде соода талаш-тартыштарын чечүүнүн жолдору” — деген  өздүк презентациялары менен  сүйлөгөн сөздөрүн белгилешти.

Показать текст
Close