ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Министр Чодуев Эринбек Урайымовичтин Жаңы жылдык куттуктоосу

Урматтуу жер эненин берекесин ачкан фермерлер, дыйкандар, айыл чарба жана кайра иштетүү кызматкерлери! Ардактуу кесиптештер!

Сиздерди Жаңы 2020-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Сиздердин Кыргызстандын Айыл чарба тармагын, экономикасын көтөрүүгө кошуп жаткан зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздер эбегейсиз күч менен убакытты талап кылган татаал тармакта эмгектенип жатасыздар. Сиздердин ушундай татаал жана өтө керектүү ишмердигиңиздердин ийгиликтүү болушун, элге зор пайда алып келишин жана өзүңүздөргө шыктануу менен күч кубат тартуулоосун каалайм! Жаңы жыл сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт, амандык менен береке жана өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылган ак эмгегиңиздерде жаңы ийгиликтерди тартуулаган ак жолтой жыл болсун! Өрүшүңөр малга, кырманыңар данга, дасторконуңар нанга толсун. Терең урматтоом менен, Министр Чодуев Эринбек Урайымович

Показать текст
Close