Маанилүү жаңылык

Агрозоовет окууларды Ош облусунун Ноокат району алгачкылардан болуп баштады

Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Оштогу Бириккен Улуттар Уюмунун «Ош  облусунун  интегралдык  өнүктүрүү” программасынын  алкагында үстүбүздөгү жылдын 3-5-декабрь  күндөрү  райондун  балчыларын жана балчылыкка кызыкдар фермерлерге Россия  Федерациясынын аарычылык тармагында колдонулуп жаткан  жаңы   технологиялар  боюнча   окуу семинарын уюштуруп өткөрүштү. 

Бул окуу семнары Министрликтин 2019-2020-жж. кыш айларында өткөрүлүүчү агрозооветокуулардын негизинде өткөрүлүп жатат.

Аталган окуу семинарына Россиядан  окумуштуу  Н.Л. Попова  эксперт  катары    чакыртылып, бал аарыны өстүрүү, көбөйтүү, сапатту бал өндүрүү жана дүйнөлүк базарларга сатуу боюнч өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

                        Окуу семинарынын    негизги  максаты таза сапаттуу бал өндүрүү  аркылуу  дүйнөлүк базарларга чыгуунун жолдорун үйрөнүү. 

               Семинарга Ош облусунун бардык райондорунан бал аарычылар келип катышты.

               Жыйынга катышкан жергиликтүү бал аарычылар кызыккан маселелер боюнча суроолорун беришип, тажрыйба алмашып, бир топ жаңы тажрыйбаларды үйрөнүшүп кетишти.

               Ноокат РАӨБдүн башчысы М. Турдуев райондогу агрозооветокуулар бекитилген графикке ылайык, ар бир  айыл өкмөттөрү боюнча кыш айларында окуулар жүргүзүлөрүн жана окуу өткөрүү мезгилинде көтөрүлгөн кызыкдар суроолор  боюнча облустук деңгээлде, же ушундай республикалык жана эл аралык деңгээлдеги эксперттерди тартаарын билдирди.

Показать текст
Close