ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Кытай компаниясы Кыргызстандан кургатылган мөмө жемиш өндүрүүчү өнөктөштөрдү издөөдө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация минстрлиги Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин кытайлык «BG International (Hong Kong) Co. Ltd» компаниясынын сатып алууну уюштуруу менеджери менен жолугушту.
Жолугушуунунун алкагында кытайлык «Guangxi Beibu Gulf International Port Group Co., Ltd» корпорациясынын туунду «BG International (Hong Kong) Co. Ltd» компаниясынан кыргыз ишкерлери менен кургатылган мөмө жемиштердин соода сатык итерин жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Аталган компания кыргыз ишкерлери менен төмөндөгү продукцияларды сатып алууга даярдыгын билдиришти.
-кургатылган бадам;
-кургатылган тазаланган же тазаланбаган мисте;

  • кургатылган тазаланган же тазаланбаган жаңгак;
    -ачуу жана таттуу бадам;
    -мейиз;
    -кургатылган (өрүк, кайналы ж.б.)
    Ошол себептен кызматташууга кызыкдар болгон ата мекендик ишканалардын өздүк жана комерциялык маалыматтарын «BG International (Hong Kong) Co.Ltd» компаниясына жиберүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле Кытайлык компания Кыргызыстандан ишенимдүү, ортомчулук иш алып барбаган жана келишимге жараша үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар өнөктөш табууга тилектеш экендигин билдирди.

Буга байланыштуу Минимтрлик «BG International (Hong Kong) Co.Ltd» компаниясына тийиштүү маалыматтарды жиберүү максатында көрсөтүлгөн “анкетаны толтурууну” сунуштайт.

Шилтемелер:

Анкетаны толтуруу- https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdneu9WKgRqogXGZRIaJjhvO4_V9xiIisfozLuhJzkBCfGrIw/viewform

«Guangxi Beibu Gulf International Port Group Co., Ltd» корпорациясынын официалдуу сайты
http://www.bbwgw.com/cms/category/446.dhtml

Показать текст
Close