ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Кыргыз Республикасынын айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы мал чарбасы жана жайыт илим изилдөө институтунун окумуштуу адистери Алайда

Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 2020-жылдын 25-январь күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы мал чарбасы жана жайыт илим изилдөө институтунун (КирНИИЖиП)  окмуштуу адистери Н.Касымалиев, С.Ш.Мамаев, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.М. Алиев, Алай айыл өкмөтүнүн адистеринин жана Чий-Талаа айылындагы топозчулардын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

            Жолугушууда райондун климаттык шартында аз тоют талап кылуучу топоз чарбаларын  өнүктүрүүгө озгөчө көңүл бөлүнүп топоздун санын көбөйтүү менен анын асылдуулугун арттырып сандан сапатка өтүү маселеси талкууланды жана топоз чарбаларын өнүктүрүүдө топоз багуучулар тарабынан топоздордун майдаланып кеткендиги айтылып генетикалык нормалар сакталбай жаткандыгын эске алып башка региондор менен бука алмаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Андан сырткары кыш мезгилинде жайыттардан тоюттанган чөп азыктарынан атайын тоюттун сапатын жана каллориялуулун лаборатириядан аныктоо максатында анализга алышты.

            Райондун шартында топоз чарбасын өнүктүрүү менен экологиялык таза эт продукцияларын калк дасторконуна тартуулоо жана эт продукцияларын  экспортко чыгуу мүмкунчүлутөрдүн бар экендиги айтылды.

            Келечекте топоз чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп бей өкмөт уюмдар тарабынан пландаштырылып жаткан ири долбоор аркылуу  топоз чарбасынын асылдуулугун артыруунун үстүндө иш алынып бара тургандыгы боюнча түшүндүрүлдү жана топоз багуучулар тарабынан берилген көйгөйлүү суроолого канаттандыраарлык жооптор берилди.

Показать текст
Close