ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим — изилдөө институнун бодо малдар бөлүмүнүн окумуштууларынын уйлардын сапаттуулугун аныктоо боюнча жаңы ыкмалары

        

Республикадагы иштеп жатышкан фермерлер, саан уйларды жана букаларды тандаганда көбүнчө эң жогорку лактациясы боюнча тандашат. Бирок, мындай ыкманын эффектүүлүгү жакшы натыйжа бербей тургандыгы аныкталды.

Кыргыз айыл чарба жана жайыт илим-изилдөө институнун бодо малдар бөлүмүнүн окумуштуулары, айыл чарба илиминин доктору, профессор Өмүркул Дуйшекеевдин жетекчилиги менен бул маселе зоотехникалык илимде жаңы ыкманы таап Кыргыз патенттен №2143, 3.09.2019- жылы “Сүт жана эт багытындагы уйларды жана асыл-тукум букаларды тандоо ыкмалары” деген патент алынган.

Бул ачылыштын эң негизги максаты уй чарбасында иштеп жатышкан зоотехниктерге жана фермерлерге өздөрүнүн иштеринде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул ыкманын негизинде 95%га чейин букалардын генетикасы күчтүү тукум алууга болору аныкталды. Ошону менен бирге бул ишти аткаруу үчүн чарбаларда уйлардын продуктуулугун аныктай турган эсеп учету жүргүзүлүшү зарыл. Алгачкы маалымат так болсо (зоотехникалык иштер), букалардын келечектеги асыл тукумдуулук сапаты да так аткарылат жана сүттүү уйлардын селекциясын ылдамдатууга шарт түзүлөт.

Показать текст
Close