ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Тоң балык өстүрүүчү заводунда өткөрүлгөн иш сапардын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер туурасында маалымат

2019-2020-жылдарга карата түзүлгөн балык запастарын өндүрүү боюнча пландалган тапшырмалардын негизинде Тоң балык өстүрүү заводунун инкубациялык цехинде форель-гегаркуни жана сига-лудога балыктарынын уруктары даярдалып жана инкубациялоого салынды.
«Вейса» инкубациялык аппаратына 2,5 млн. даана сига-лудога балыгынын уруктары, «Аткинс» аппаратына 358 мин даана форель-гегаркуни балыгынын уруктары инкубациялоо үчүн 2019-жылдын декабрь айында салынган.
Мындан сырткары Соң-Көлдөн 3 млн. даана Соң-Көл сига-лудога балыгынын уруктары инкубацияланууда. Инкубациялык цехте балык запастарын өндүрүү боюнча аткарылган иштердин ийгиликтүү аякташына жана көбүрөөк балык чабактарын алууга технологиялык абал талапка жооп берет.

Балык өстүрүүчү заводдун кызматкерлери тарабынан жакынкы аралыкта чечим кабыл алынуучу сунуштары жана суроо талаптары угулду.  

Показать текст
Close