ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Ысык-Көл облусуна муздаткыч-танкерлер алынып келинди

Жылдын башы менен «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында долбоордун фермер-бенефициарларына жаңы сүт муздатуучу танкерлердин партиясы келди.

Муздатуучу танкерлер Ысык-Көл областынын айылдарында, жаңы Сүт алуучу пункттарында орнотулат. Бул сүт тапшыруучулардын сүтүнүн сапатын сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Маалымат үчүн: Айтылган долбоор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосунун астында жана макулдашуусу менен ошондой эле Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылып жатат.

Показать текст
Close