ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Ата мекендик ун өндүрүүчү ишканалар Кытайдын импортоочуларынын тизмесине кирди

2019-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорция министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Башкы Бажы Башкармалыгы менен “Кыргызстандан Кытайга унду экспорттоо фитосанитардык талаптарынынын” Протоколуна кол коюшкан.
Жогоруда белгилеген Протоколду ишке ашыруу максатында Министрлик тарабынан 10 ата мекендик ун өндүрүүчүлөр Кытай Эл Республикасынын Башкы Бажы Башкармалыгы унду экспортоочулардын тизмесине киргизилген.
Аталган 10 ата мекендик ун өндүргөн ишканалар Кытай Эл Республикасынын Башкы Бажы Башкармалыгынын расмий сайтынын “Тамак аш азыктарын импортоочулардын катталуу системасына” катталышкан.
10 кыргыз тегирменчилер өндүрүлгөн азыктарын КЭР на экспортоого мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле Министрликтин айыл чарба азыктарын илгерилетүү бөлүмү тизмеге кирген ун өндүрүүчүлөрдүн санын көбөйтүү иш аракеттерин жүргүзүүдө.

Показать текст
Close