Жаңылык

Министрликте KOICAнын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

8-январда Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министирлигинин Органикалык айыл чарба департаментинде KOICAнын Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба саясатын ишке ашыруу, колдоо жана дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча долбоорунун директору Чул Еонг Ким жана директордун ассистенти Вангук Ан мырзалар менен жумушчу жолугушуу болуп, мындан ары аталган долбоорду ишке ашырууда Органикалык айыл чарба департаментинин ролу тууралуу талкууланды.

Жакында Корея мамлекетинен органикалык айыл чарба эксперттери келип 17 — январда Департаменттин борбордук аппаратынын жана Чүй территориалдык филиалынын кызматкерлерин ал эми 22- январда калган филиалдардын кызматкерлерин ТОТ программасы боюнча окутуу болот.

Показать текст
Close